Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Көрүүсү начар жана көзү азиздер үчүн «Башкача жашоону башта» аттуу ураан менен эки реабилитациялык борбор ачылды. “Разия эне” окуу борбору аялдар үчүн, ал эми “Нурбек” борбору эркектер үчүн эшигин ачты.
Бул борбордо көрүүсү начар жана көзү азиздер үчүн атайын программа менен курстар жана тренингдер өтүлөт. Программа өз алдынчалуулукту жана өзүнө болгон ишенимди өнүктүрүүгө багытталат.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүшөт:
* Брайль шрифттин окуу жана жазуу;
* Компьютердик сабаттуулук жана смартфон колдонуу;
* Ак таяк менен өз алдынча жүрүп-туруу;
* Үй-бүлөдөгү өз алдынча тейлөө көндүмдөрү;
* Англис, орус жана араб тилдеринин негиздери;
* Негизги IT-билимдер;
* Ислам дининин негиздери жана Куран окуу.
Мындан тышкары, катышуучулар ар кандай спорттук жана социалдык иш-чараларга — сууда сүзүү, чуркоо, велосипед машыгулары жана башка көптөгөн активдүүлүктөргө катышып, дене жана рух ден соолугун чыңдашат.
Бул долбоор көзү азиз адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өз алдынча жана ишенимдүү болууга жардам берет.
Ачылыш аземге КМДБнын калкты диний маалыматтар менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, долбоордун Жалалиддин мырза, Ниматулла ажы Рыскулов, негизги демөөрчү Асанбек ажы Төрөев жана көрүүсү начар жана көзү азиздер спортунун федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Айта кетсек, бул долбоор Кыргыз азиздер жана азиздер спортунун федерациясы тарабынан ишке ашырылат. Долбоордун негиздөөчүлөрү Жалалиддин Абдувалиев жана аткаруучу директору Гулназ Жүзбаева.