Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын алкагында, түштүк региондогу район/шаар баш имам-хатибдеринин, имам-хатибдердин жана имамдардын Куран окуу жана тажвид боюнча квалификациясын жогорулатуу программасы уланууда.
Ушул багытта Баткен облусунун дин кызматкерлерине жана карыларына атайын окутуу сабактары өткөрүлдү.
Сабактарды КМДБ тарабынан түзүлгөн атайын кары устаздар өткөрүштү. Алар:
* КМДБнын өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн адиси Муратали Мамадияр уулу;
* Бишкек шаардык Сарахси борбордук мечитинин имам-хатиби Абдулла Акбарали уулу;
* Бишкек шаарынын Куран академиясынын мүдүрү Насрулло Искандаров.
Окутуу программасында аймактагы Куран жарыштарында калыстык кылган карыларды дүйнөлүк стандарттар менен калыстык кылуу эрежелери жана райондук баш имам, айыл аймактын жооптуу имамдарына Куран сүрөлөрүн жаттатуудагы негизги эрежелер тууралуу болду.
Бул окутуунун максаты – дин кызматкерлеринин Куран окуу деңгээлин жакшыртуу, тажвид эрежелерин туура колдонуу жана диний сабаттуулукту бекемдөө болуп саналат.
Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен башталган бул сабактар мындан ары да уланмакчы.
Айта кетсек, иш-чаранын максаты имамдардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Бул саамалык Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдө ислам маданиятын өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминдеги дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган пунктту ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.