«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Коом | 26.01.2026
  • |

Балыкчы: Шабдан уулу Кемел казыны эскерүү аземи өтүп, Куран окулду

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Кыргызстандын туңгуч казысы (муфтийи) болгон Шабдан уулу Кемел каазыны (Кемал-ад-Дин) эскерүү аземи өтүп, Куран окулду.
Белгилүү болгондой, Балыкчы шаарында Шабдан уулу Кемел казынын эң алгачкы негиздеген мечити — «Ысык-Көл» мечити жайгашкан. Бул мечит Шабдан баатырдын уулу Кемел ажынын демилгеси менен курулуп, ал 1946–1948-жылдары аталган мечитте өзү имам болуп кызмат кылып, кыргыз элине жана мусулманчылыкка зор салым кошкон.
Шабдан уулу Кемел ажынын урматына арналган таштан жасалган экспонатты орнотуу иштери Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан 2026-жылдын 16-январында аяктады.
Куран окутуу аземине:

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов;
— Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров;
— КМДБнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев;
— Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев;
— Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, ошондой эле Кемел ажынын урпактары жана шаар тургундары катышты.

Аземдин жүрүшүндө Шабдан уулу Кемел казынын өмүр жолу, диний ишмердүүлүгү эскерилип, анын арбагына багышталып Куран окулуп, дуба кылынды.