«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга байланат» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна караштуу Ынтымак айылында жаңыдан курулуп жаткан медреседен кабар алды.
Зыярат учурунда Азирети Муфтий медресенин курулуш иштери, шарттары жана келечектеги пландары менен таанышып, курулуштун жүрүшүнө оң баасын берди. Ошондой эле ал курулуп жаткан медресе ийгиликтүү бүткөрүлүп, элге кызмат кылуусу үчүн дуба кылды.
«Медреселерибиз диний билимдин жана ыймандын очогу боло берсин. Мында тарбияланган жаш барчындардын өз динине, элине жана Мекенине кызмат кылышты Жаратканым насип кылсын. Ушул куттуу мекемени салып жаткандарга, демөөрчүлөргө жана куруучуларга Алла Таалам ыраазы болсун», – деди Азирети Муфтий.