«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат» (хадис)
Коом | 03.03.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров маркум Мураталы ажы Жумановдун рухуна багыштап Куран окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында экс-муфтий, Мураталы ажын Жумановдун рухуна багыштап Куран окуду.

Мураталы ажы жөнүндө

Мураталы ажы Жуманов (1-май, 1973-ж. — 7-июль, 2010-ж.) — Кыргызстандагы ислам дининин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, өлкөнүн тарыхындагы эң жаш муфтийлердин катарында аталган инсан.

Өмүр жолу жана билими

Мураталы ажы 1973-жылы 1-майда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылында жарык дүйнөгө келген. Айыл жеринде тарбияланып, орто мектепти аяктаган соң 1990–1992-жылдары аскердик кызмат өтөгөн. Мекен алдындагы милдетин аткарып келгенден кийин дин жолуна түшүп, Кызыл-Кыя шаарындагы «Хазрети Усман» медресесинде билим алган.

Ал билим алуу менен катар эле жаш кезинен жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаган. 1992–1998-жылдары Ош облустук казыятында казынын орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары медреседе сабак берип, мечитте имам жана имамдын орун басары кызматтарын аткарган. 1997–1998-жылдары Россия ислам университетинде окуусун улантып, диний билимин тереңдеткен.

2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, диний билимди укуктук билим менен айкалыштырган.

Муфтияттагы ишмердиги

Мураталы ажы Жуманов Кыргызстандын Дин башкармалыгында (Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы) ар кыл жооптуу кызматтарды аркалаган.
1999–2000-жылдары жооптуу катчы,
2000–2002-жылдары Азирети Муфтийдин биринчи орун басары болуп иштеген.
2002-жылдын август айында ал Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп шайланып, өлкөдөгү ислам коомчулугун жетектеген. Ал бул кызматта 2010-жылдын апрель айына чейин иштеп, сегиз жылга жакын убакытта диний тармакта бир топ реформалык иштерди жүргүзгөн.

Татаал мезгил жана кайгылуу окуя

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин, 8-апрелде Мураталы ажы өз ыктыяры менен муфтийлик кызматтан кеткен. Бул өлкөдө саясий жана коомдук өзгөрүүлөр күч алган татаал мезгил эле...
 
Арадан көп өтпөй 2010-жылдын 7-июлунда Мураталы ажы Жуманов Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Эртеси күнү ал туулуп-өскөн Ынтымак айылында жерге берилген.

Мурасы

Мураталы ажы ислам дини боюнча эки китеп жазып, диний агартуу ишине салым кошкон. Анын ишмердиги коомчулукта ар кыл пикир жараткан: айрымдар колдоп, айрымдар диний маселелердеги чечимдерине сын айтышкан. Ошого карабастан, ал Кыргызстандагы ислам тарыхында өз изин калтырган инсан катары эсте калды.