«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга байланат» (хадис)
2026-жылы ажылыктын электрондук базасына аймактарда катталып, кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2025-жылдын 15-декабрынан 19-декабрь (19-декабрды кошо эсептегенде) Элдик Банктын (РСК) иш убактысынын бүтүүсүнө чейин калган 2650$ (эки миң алты жүз элүү) АКШ долларын төлөшү керек.
Ошондой эле 2650$ (эки миң алты жүз элүү) АКШ долларын төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасын аталган даталарда өздөрүнө тиешелүү аймактагы операторлорго тапшырышы зарыл.