«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Аймактар | 26.01.2026
  • |

Талас облусунун «Йакын-Инкар» кыймылынын 6 мүчөсү өз көз караштарынан баш тартты

Талас шаарындагы КМДБнын Талас облустук өкүлчүлүгүндө атайын жыйын өткөрүлүп, анда «Йакын-Инкар» кыймылынын 6 мүчөсү мурдагы туура эмес көз караштарынан баш тарткандыгын билдиришти. Жыйында Азирети Муфтийдин Талас облусу боюнча өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Рысбек ажы Кокумов баяндама жасап, ынтымак, биримдик жана коомдук тынчтык маселелерине кеңири токтолду.

Ал өз сөзүндө ар кандай туура эмес агымдарга кирип кетүү жана бөлүнүп-жарылуу ислам динине туура келбей турганын белгилеп, мындай көрүнүштөр коомдун тынчтыгына жана мусулмандардын биримдигине зыян алып келерин баса белгиледи. Ошондой эле Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасынын негизинде жашоо адамды туура жолдон адаштырбай турган бекем багыт экенин айтты. Жыйындын жүрүшүндө аталган жарандар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, сунуш-пикирлерин айтышты. 

Берилген жооптордон кийин алар мурда карманган жолдору туура эмес экенин моюнга алып, «Йакын-Инкар» агымынан толук баш тартышканын билдиришти. Ошондой эле алар мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Муфтияттын фатваларына баш ийип, салттуу ислам багытында жашоого убада беришти. Агым өкүлдөрүнүн бири өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди: 

«Биз адашкан жолго киргенибизди моюндайбыз. Элге аралаша албай, мечитке кире албай калган элек. Адашканыбыз үчүн Алладан жана элден кечирим сурайбыз. Биз мурдагы жолубуздан толук баш тарттык» – деп билдирди алардын бири.