«Ал силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты, алар менен бейпилдик табышыңар үчүн» (Рум сүрөсү, 21-аят)
Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев Москва районунун акими Козуев Ниязбек Эгемкулович жана Сокулук районунун акиминин орун басары Орозбаков Эмиль Кемелбекович менен расмий жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Чүй облусундагы өкүлү Замир Өмурзак уулу катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондогу каттоодон өтпөй калган мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселеси кеңири талкууланып, бул багытта тиешелүү мекемелер менен биргелешип иш алып баруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле мечиттердин ишин мыйзам талаптарына ылайык тартипке келтирүү жана алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, райондун аймагында өтүүчү ишембилик иш-чараларын уюштуруу, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин активдештирүү, ошондой эле алдыдагы бир катар социалдык жана уюштуруучулук иш-мерчемдер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жолугушуунун соңунда тараптар коомдогу ынтымакты бекемдөө, диний мекемелердин ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүү жана жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Ошондой эле алдыда пландалган иштерди биргелешип, координациялоо боюнча макулдашууларга жетишилди.