Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Бүгүн 24-ноябрь күнү Ош шаарындагы “Имам аль Бухарий-Алай” атындагы борбордук мечитте имамдар үчүн 3 күндүк атайын акыйда сабагы башталды. Бул окутуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулуп, дин кызматкерлеринин илимий деңгээлин жогорулатуу, туура ишеним негиздерин бекемдөө максатын көздөйт.
Сабактар тажрыйбалуу окутуучулар, тагыраагы Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Абу Бакр Марат уулу тарабынан өтүлүп, анда акыйданын негизги түшүнүктөрү, Матуридиликтин ишенимдик маселелери жана заманбап диний суроолор талкууланууда.
Окутууга шаар аймагындагы бардык жума окулган мечиттердин имамдары менен орун басарлары тартылып, алардын ишеним жаатындагы билимин бекемдөөгө, үгүт-насаат иштеринде туура маалымат берүүгө көңүл бурулууда.
Иш-чаранын ачылышында Муфтияттын Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев акыйда сабагынын учурдагы маанилүүлүгүн баса белгилеп, дин кызматкерлери ар дайым өзүнүн диний билимин жаңылап, туура маалыматты элге жеткирүүгө милдеттүү экенин эскертти.