«Ал силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты, алар менен бейпилдик табышыңар үчүн» (Рум сүрөсү, 21-аят)
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров райондук жол коопсуздук кызматы менен биргеликте жолоочуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга ооз ачар баштыкчасы таратылды.
«Бир нече жылдан бери «Адам жаны аманат» аталышында жолоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Өзгөчө Рамазан айында сабырдуулукка чакырып, чакан Рамазан баштыкчасын тапшырып келебиз. Бул жылы да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү менен өз милдетибизди аткарып жатабыз. Бул жаатта талыкпай эмгектенип келе жаткан жол коопсуздук кызматынын жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз», – деди Бекназар ажы Жапаров.
Ошондой эле, хатибият кызматкерлери берекелүү Рамазан айында ардагер аксакал дамлаларды зыярат кылып, ак батасын алышты.
Айта кетсек, муфтият тарабынан «Адам жаны аманат» аттуу акциясы демилгеленип, анда жүргүнчүлөргө жол эрежесин эскертүү жана ооз ачар баштыкчасын таратуу жөрөлгөсү коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган.