Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
Аймактар | 18.03.2026
  • |

«Ильшат» медресесине жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 18-март күнү Бишкек шаарынын Восток айылындагы «Ильшат» медресесинде окуган студенттерге акчалай жардам берилди.

Иш-чарага КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев, медресенин мүдүрү Аман Жакыпбеков жана өкүлчүлүктүн бухгалтеринин милдетин аткаруучу Расул ажы Сариев катышты. Ал эми студенттерге жардам көрсөтүүнү демилгелеген кайрымдуу инсан Чакиев Азатбек Өкүмович сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу, анын аманаты өкүлчүлүк тарабынан жеткирилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт ажы студенттерге насаат айтып, «Ким окуп, амал кылса — ал илимдүү, ким окуп, амал кылбаса — ал билимдүү. Илимдүү менен билимдүүнүн айырмасы ушунда» — деп, жаштарды илимди туура пайдаланып, аны турмушта ишке ашырууга чакырды.

Мындан тышкары, ал илим алуу зор бакыт экенин, анын аркасында адам акыретте Аллахка жакындай турганын белгилеп, студенттерге дем-күч берди.

Бакыт ажы сөзүнүн соңунда студенттерге Азатбек Чакиевдин аманатын тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын аягында студенттердин окуусуна жана медресенин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, дуба кылынды.