Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде, Муфтияттын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жана КР Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү менен биргеликте аймактагы диний адабий китептер сатылган дүкөндөрдү кыдырып чыгуу иштери болуп өттү.
Текшерүүнү КМДБнын Баткен облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров, улуттук агенттиктин облустук өкүлү Чагылган Юсупов жана район-шаарлардын баш имам-хатибдери баштаган комиссия өткөрдү.
Бул иш-чаранын өткөрүү максаты Кыргызстан аймагында туура эмес агымдардын алууну көздөп, өлкө ичиндеги тыюу салынган диний окуу, адабий китептерди аныктоого багытталды.