«Бейиш – энелердин таманынын астында» (Насаи)
Муфтият | 12.02.2026
  • |

РАЗАЪАТ – ЭМИЗҮҮ МАСЕЛЕСИ

  Никеси арам болгон аялдарды сыпаттаганда Алла Таала мындай деп айткан: 
حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ ... وَأُمَّهَاتُكُمُ اللَّاتِي أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ مِنَ الرَّضَاعَةِ ... ﴿٢٣﴾
«(Никеси) силерге арам кылынды ... силерди эмизген энеңер, эмчектеш эже-карындаштарыңар...» (Ниса сүрөсү: 23-аят) 
عَنْ أُمِّ الْمُؤْمِنِينَ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا أَنَّ النَّبِيَّ صلى الله عليه وسلم قَالَ:" يَحْرُمُ مِنَ الرَّضَاعَةِ مَا يَحْرُمُ مِن َالْولِادَةِ  (أّيْ مِنَ النَّسَبِ)". موطأ إمام مالك
Момундардын энеси Айша (разияллоху анха) риваят кылат: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Төрөлүү (тек) жаатынан арам болгон нерсе, разаъат-эмизиш жагынан да арам». (Имам Малик риваяты).

Разаъат – сөздүктө эмчектен сүт эмүү же эмчек сүтүн ичүү дегенди билдирет. Шариятта эки жарым жашка чейинки бала түйүлдүк себептүү пайда болгон сүттү эмүү же ичүү.

Маалым болгондой, ислам шарияты жашоодогу дээрлик бардык маселелерге жооп берип келген. Динибиз башкалар арзыбас деп караган иштерге да олуттуу маани берген. Үй-бүлө – бул ыйык коломто, коомдун таянычы. Үй-бүлө чың болуусу үчүн никенин орду чоң. Фикх китептерибиздин бардыгында, нике бабында бала эмизүү маселесине өзүнчө маани берилген. Бир караганда арзыбас иштей көрүнгөн бул маселеде толтура хикматтар бар жана эмне үчүн динибиз бул ишке ушунчалык маани берген, бир карап чыгалы. 

Алгач бала эмизүү маселесинин шаръий өкүмдөрүнө токтолуп өтсөк. “Разаъ” сөзү сөздүктө эмизүү-соруу маанисин билдирет. Шаръий терминде болсо, эки жашка толбогон баланын курсагына аял кишинин сүтү жетип баруусу. Аллах Таала Куранда мындай деген: 
وَالْوَالِدَاتُ يُرْضِعْنَ أَوْلَادَهُنَّ حَوْلَيْنِ كَامِلَيْنِ ۖلِمَنْ أَرَادَ أَنْ يُتِمَّ الرَّضَاعَةَ ۚ  ... ﴿٢٣٣﴾
“Балдарын акырына чейин толук эмизүүнү каалаган энелер толук эки жыл эмизет ...”. (Бакара сүрөсү; 233-аят). 
Андыктан бала эки жашка чейин болгон мөөнөттө жат энени эмсе жана баланын курсагына сүт жетип барганы анык болсо эмчектеш өкүмү дайын болот. 
... وَحَمْلُهُ وَفِصَالُهُ ثَلَاثُونَ شَهْرًا ۚ  ... ﴿١٥﴾
“... Аны боюнда көтөрүү жана сүттөн чыгаруу мөөнөтү отуз ай ...”.
Эки жыл 24 айга барабар. Ал эми бойго бүткөн түйүлдүктүн төрөлүшүнүн эң кыска мөөнөтү алты ай, эң узун мөөнөтү болсо эки жыл. 

Ибну Абу Хатим Абдуллах Ал-Жухайнийден төмөнкү окуяны риваят кылат: “Бизден бир киши Жухайна уруусунан болгон бир аялга үйлөнгөн болчу. Ал аял алты айда төрөп коёт. Эри Азирети Усманга (разияллоху анху) келип болгон окуяны айтып берди. Азирети Усман (разияллоху анху) ал аялды чакырды. Аял туруп кийимдерин кийип жатканда сиңдиси ыйлай баштады. Ал сиңдисине карап: “Эмнеге ыйлайсың, Аллахка ант! Мага эримден башка эч ким колун да тийгизген жок. Аллахтын Өзү эмнени кааласа ошол болот” деди. Аны Азирети Усманга (разияллоху анху) алып келишкенде, ал аялды (зынада айыптап) ташбараң кылууга буюрду. Бул кабар Азирети Алиге (разияллоху анху) жеткенде, ал Азирети Усмандын (разияллоху анху) жанына келип: “Эмне кылып жатасыз?” деди. Азирети Усман (разияллоху анху): “Алты айда төрөп коюптур, ушундай да болмок беле?” дегенде, Азирети Али (разияллоху анху): “Эгер бул аял Курандан далил келтирсе, сизди утуп алат” деди. Азирети Усман (разияллоху анху): “Кантип?” деп сурады. Азирети Али (разияллоху анху): “Аллах Тааланын: “... Аны боюнда көтөрүү жана сүттөн чыгаруу мөөнөтү отуз ай ...” деген сөзүн окугансызбы?”. “Балдарын акырына чейин толук эмизүүнү каалаган энелер толук эки жыл эмизет ...” деген сөзүнчү? Ошондо арадагы мөөнөт алты ай калбайбы?!” деп жооп берди. Азирети Усман (разияллоху анху): “Бул жагы оюма келбептир. Али болбогондо кыйратмак экенбиз” деди”.    

Эненин курсагындагы түйүлдүктүн эң көп мөөнөтү эки жыл экендигине далил:  
رَوَى الدَّارَقُطْنِيُّ وَالْبَيْهَقِيُّ فِي سُنَنَيْهِمَا مِنْ حَدِيثِ عَائِشَةَ: أَنَّهَا قَالَتْ: مَا تَزِيدُ الْمَرْأَةُ فِي الْحَمْلِ عَلَىٰ سَنَتَيْنِ قَدْرَ مَا يَتَحَوَّلُ ظِلُّ عَمُودِ الْمِغْزَلِ. وَهُوَ قَوْلُ الثَّوْرِيِّ وَالضَّحَّاكِ بْنِ مُزَاحِمَ وَأَحْمَدَ فِي رِوَايَةٍ.
Имам Дарукутний жана Имам Байхакийлер өздөрүнүн сунандарында Азирети Айшадан (разияллоху анху) риваят кылышкан: “Айша энебиз: “Аял курсагында түйүлдүгүн көтөрүүдө эки жылдан ийик уугунун көлөкөсүнөн (кыпындай да) ашырбайт” деп айткан”. 

Бул пикирди Саврий, Аз-Заххак ибн Музахим жана бир риваятта Имам Ахмад да колдогон.  

Жогорку аяттарга жана Азирети Усман менен Азирети Алинин окуясына карасак, эмизүүнүн мөөнөтү эки жыл экендиги маалым болду. 

Имам Аъзам Абу Ханифа (рахимахуллах) бала эки жарым жашка чейин болгон мөөнөттө эмсе эмчектештик өкүмү дайын болот деген. Бирок Абу Ханифа (рахимахуллах) эки жылга дагы жарым жылды кайдан кошкон. Абу Ханифа (рахимахуллах)тын далили төмөнкү Куран аяты:
... فَإِنْ أَرَادَا فِصَالًا عَنْ تَرَاضٍ مِنْهُمَا وَتَشَاوُرٍ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَا ۗ ... ﴿٢٣٣﴾
“... Эгер эрди-катын өз-ара кеңеш менен, бир-биринин ыраазычылыгын алып (баланы эмчектен) ажыратууну (эки жылдан аз же көп болуусун) каалашса – аларга күнөө жок...”. (Бакара сүрөсү; 233-аят)

Ата-эне баланы эки жыл эмизилгенден соң эмчектен чыгаруу боюнча өз-ара ыраазылык менен кеңеш кылат. Бул эки жылдан соң деле эмизсе жаиз болуусуна далил. 

Ханафий мазхабынын бүт фикх китептеринде Имам Абу Ханифанын (рахимахуллах) сөзүнө амал кылынат делген.  
Ошондуктан бала эки жарым жашка чейин болгон мөөнөттө жат энени эмсе жана баланын курсагына сүт жетип барганы анык болсо, эмчектештик өкүмү дайын болот. Бала эки жарым жаштан ашкандан кийин эмсе, же эмгени менен сүт баланын курсагына жетип барбагандыгы анык болсо, же сүтү жок аялдын эмчегин жөн эле соро берсе эмчектештик өкүмү дайын болбойт. Эгер бир аялды эки бир-бирине жат болгон балдар эмсе, алардын бири кыз бала, экинчиси уул бала болсо, булар бир-бирине эмчектеш болуп калат да, булардын ортосуна нике жүрбөй калат. Эгер мына ушундай кыз-жигит никеленип алышкан болсо, алардын эмчектеш экендигине адилеттүү эки эркек киши же бир эркек жана эки аял биргеликте күбөлүк беришсе никелери бузулат. 
عَنْ عُقْبَةَ بْنِ الْحَارِثِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّهُ قّالَ: "تَزَوَّجْتُ امْرَأَةً فَجَاءَتْنَا امْرَأَةٌ سَوْدَاءُ، فَقَالَتْ: إِنِّي قَدْ أَرْضَعْتُكُمَا فَأَتَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقُلْتُ: تَزَوَّجْتُ فُلَانةَ بِنْتَ فُلَانٍ، فَجَاءَتْنَا امْرَأَةٌ سَوْدَاءُ فَقَالَتْ إِنِّي قَدْ أَرْضَعْتُكُمَا وَهِيَ كَاذِبَةٌ! قَالَ: فَأَعْرِضْ عَنِّي قَالَ: فَأَتَيْتُهُ مِنْ قِبَلِ وَجْهِهِ فَأَعْرَضَ عَنِّي بِوَجْهِهِ، فَقُلْتُ: إِنَّهَا كَاذِبَةٌ قَالَ: وَكَيْفَ بِهَا وَقَدْ زَعَمَتْ أَنَّهَا قَدْ أَرْضَعَتْكُمَا؟! دَعْهَا عَنْكَ أَخْرَجَهُ الْبُخَارِيُّ (5104)، وَالتِّرْمِذِيُّ (1151) وَاللَّفْظُ لَهُ، وَالنَّسَائِيُّ (3330)، وَأَحْمَدُ (16193)
Укба ибн Харис (разияллоху анху) айтат: “Бир аялга үйлөндүм. Кийин бизге бир кара аял келип: “Мен силердин экөөңөрдү да эмизгенмин” деди. Ошондо мен барып Пайгамбарга (соллаллоху алайхи ва саллам) кабар берип: “Албетте, ал аял жалганчы болсо керек” дедим. Ал зат: “Тур нары!” деди. Мен айланып кайрадан ал заттын бет-маңдайына өттүм. Ал зат менден жүзүн буруп кетти. Мен болбой эле: “Ал аял жалганчы” дей бердим. Ошондо ал зат: “Кантип ошондой болсун?! Ал экөөңдү да эмизгенин доо кылып жатпайбы?! Аны (аялыңды) коюп жибер!” деп айтты”.  (Имам Бухарий, Термизий, Насаий жана Имам Ахмад риваяты)

Азыркы замандын медицинасы да туугандар ортосундагы никеде тукум кууй турган ооруулардын көп учуроосун тастыктайт. Ошондой никелер себептүү бир канча балдар мунжу-майып болуп төрөлүүсүн жашоодо көрүп эле келе жатабыз. Наристенин эки жашка чейинки негизги азыгы эне сүтү. Наристенин өсүшү, жетилүүсү ошол сүттөн алына турган азыктан көз каранды. Энеде сүттүн пайда болуусу атадан өөрчүү себептүү болот. Демек, эненин сүтүндө эненин да, атанын да организиминдеги элементтер бар. Бул сүттү эмген түрдүү балдар болсо да туугандарга окшоп калат жана никеси терс натыйжаларга алып келүүсү мүмкүн. Кээде аялдардан төрөт үйүндө айрым наристелер өз энесинин сүтүнө тойбой калса, жанындагы аялдардын эмизүүсү же сүтүн саап ичирүүсүн кулагып чалып калганы бар. Мындай абалда кылдат этибар берүү зарыл. Оболу жат баланы эмизүү үчүн эринин ыраазылыгы болуш керек. Эмизген баланын ата-энесин жана баланын өзүн анык билип, эстеп калышы керек. Себеби, учуру келип бул наристе эрезеге жеткенде ошол эненин балдары менен никеге туруп калышы мүмкүн. Мындай нике тап-такыр мүмкүн эмес. Анткени, бул балдар бир-бирине эмчектеш бир тууган болуп калган. Ошондуктан перзенттерибизди никелей турган учурда бул нерселерге да өзүнчө маани беришибиз керек. 

Ушул орунда дагы бир нерсени баса белгилеп кетиш керек. Азыркы күндө батыш маданияты улуттук жана диний маданиятыбызга чоң коркунуч салууда. Бул нерсе биз айтып жаткан эмчектеш бир тууган маселесин да четтеп өткөн эмес. Дүкөндө иштей турган бир эже: “Азыркы жаш келиндер жасалма сүттү (кашаны) көп сатып алууда. Алардан эмне үчүн балдарыңарды эмизбей каша бересиңер деп сурасам: “Бала эмизсек фигурабыз бузулат, экинчиден бала энеге үйрөнүп калып түнү уйку бербей тынчыбызды алат” деп жооп берет” деп айтат.  

Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) үч жолу энеге жакшылык кылууга буюрган, бейиш энелердин таманынын астында деп да айткан. Бул айтылган сыйлыктар дал энелердин ошол машакаттары үчүн берилгенби? 
Эне сүтүнүн ордун эч кандай азык баса албайт. Эне сүтүндө наристе үчүн керектүү болгон эң зарыл азык элементтери бар экендигин, наристени түрдүү инфекциялардан, микроб оорууларынан коргоосун заманбап медицина да тастыктайт. Эне сүтүндө уй сүтүндө учурабай турган жүздөн ашык элементтер бар экен. Бала эмизген энелерде көкүрөк рак ооруусуна каршы иммунитеттердин пайда болуусу илимде аныкталган. Бала ден соолугу чың болуп өсүүсү үчүн эне сүтүнүн орду чоң. Перзент үчүн ден-соолугу чың болуусу эле эмес, руханий жактан чың болуусу да зарыл. Эне баласын эмизгенде баланы бооруна алып, өзгөчө мээр берет. Эне катуу кыжаалат болгондо же корккондо энеден сүт качып кетиш абалдарын укканбыз. Демек, эненин көкүрөгүнө сүт келиши үчүн энеде руханий бейпилдик жана мээрбандык сезимдери болушу керек. Эне баласын эмизип жатканда ага сүт эле эмес, ошол сүткө кошуп өзүнчө мээр да берет, эне жана бала ортосунда мээрбандык сезимдери биригет. Жашы кырктан ашып калган адам деле сексенге кирген энесинин зыяратына барып, энесин бооруна киргенде кандайдыр бир ажайып жытты сезет. Бул анын бөбөктүгүндөгү энеси боорун басып, көкүрөк сүтүн берген учурдагы жыт бекен? Көкүрөк сүтүн ээмп чоңойгон бала энеге катуу байланып, өзүнчө бир башкача мээр коёт. Жасалма сүт менен чоңойгон балада мындай сезим болбойт, себеби ага ким болсо да шишедеги сүтүн берсе болду. Көзүбүздү жуумп эне жана бала дегенде кыялдан эмне өтөт, бир ойлоп көрөлү. Көз алдыбызга шишеде баласына сүт берип жаткан эне эмес, бөбөгүн бооруна басып, көкүрөгүнөн мээр менен сүт эмизип жаткан эненин элеси келет. Жаш энелер өз жанынын ырахатын ойлой берсе, фигурасын сактоо үчүн баланын шаръий акысы болгон сүтүн бербесе, бул элес акырындык менен кыялыбыздан да өчүп кетпесе деп коркобуз. Бала эмизиш эненин милдети, перзенттин акысы. Учуру келип баласы эрезеге жетип энесин нааразы кыла турган болсо, эне кантип берген ак сүтүмө ыраазы эмесмин деп айта алат. Кандай кылып перзентинин акысын бербей туруп, андан акысын талап кыла алат. 

Ошондуктан бала эмизүү маселесине олуттуу маани беришибиз керек. Бул текти таза сактоо үчүн гана эмес, коомдо эне жана бала ортосундагы мээрбандыкты орнотуу маселеси да болуп эсептелет. Тарыхта дааратсыз балдарын эмизбеген энелерден дүйнөгө белгилүү аалымдар жетишип чыкканы баарыбызга маалым.   

ЭМЧЕКТЕШ БАЛА МУРАС АЛАБЫ?

Туура, наристе бир аялды эмсе, ошол аял балага сүт эне болуп, махрамга айланат. Эри ата өкүмүндө болот. Бирок эмизген эне же анын эри кайтыш болсо, ушул бала алардан мурас ала албайт. Себеби, мурас алуу үч себептен бири менен болот. Бул үч себеп төмөнкүлөр: насаб, сахих нике жана кул азат кылуу. Бүгүнкү күндө кул ээлөөчүлүк жок болгондуктан эки себеп гана калат. Бул себептердин ичинде эмизүү айтылган эмес. Бул жөнүндө фикхий китептерибизде мындай делинген:
ویستحق الإرث …بأحد ثلاثة: برحم ونکاح صحیح… وولاء
“Мураска үч нерсенин бири менен акылуу болот: насаб, сахих нике жана валаа (кул азат кылган акысы)”. (“Раддул мухтар” китеби).

Демек, эмиш  аркылуу махрам болгон бала эмизген эне же анын эринен мурас ала албайт. Бирок эгер ошол эне же эри ал балага бир нерсени осуят кылган болсо, мурастын үчтөн бир бөлүгүнөн осуят аткарылат. Валлоху Аълам.

كِتَابُ الرَّضَاعِ
يَثْبُتُ بِمَصَّةٍ فِي حَوْلَيْنِ وَنِصْفٍ أُمُومَةُ الْمُرْضِعَةِ وَأُبُوَّةُ الزَّوْجِ لَبَنُهَا مِنْهُ لِلرَّضِيعِ فَيَحْرُمَانِ مَعَ قَوْمِهِمَا عَلَيْهِ كَالنَّسَبِ وَفُرُوعُهُ وَالزَّوْجَانِ عَلَيْهِمَا وَتَحِلُّ أُخْتُ أَخِيهِ كَمَا فِي النَّسَبِ وَالْإِحْتِقَانِ بِلَبَنِ الْمَرْأَةِ وَلَبَنِ الرَّجُلِ وَمَا خُلِطَ بِطَعَامٍ لَا يُحَرِّمُ وَبِغَيْرِهِ تُعْتَبَرُ الْغَلَبَةُ وَيُحَرِّمُ الْإِسْتِعَاطُ وَلَبَنُ الْبِكْرِ وَالْمَيِّتِ وَإِنْ أَرْضَعَتْ ضَرَّتَهّا رَضِيعَةً حَرُمَتَا وَلَا مَهْرَ لِلْكَبِيرَةِ إِنْ لَمْ تُوطَأْ وَلِلرَّضِيعَةِ نِصْفُهُ وَرَجَعَ الزَّوْجُ بِهِ عَلَى الْمُرْضِعَةِ إِنْ قَصَدَتِ الْفَسَادَ
Эмчектеш бир туугандык жалаң эки жарым жашка чейин болгон абалда гана бир соруу менен дайын болот. Мында эмизген аялдын жана сүтү андан болгон эркектин эмген балага ата-энелиги дайын болот. 
Анан, экөө тең өз коому менен бирге ага насабдагы сыяктуу арам болот. 
Насабдагы сыяктуу, өгөй ага же өгөй инисинин карындашы ага адал болот. 
Арткы жол (клизма) менен  ичке киргизилген сүт, эркектин сүтү жана тамакка аралаштырылган сүт менен арамдык дайын болбойт. Тамактан башка нерсеге аралаштырылганда, көптүк этибарга алынат. 
Мурундан кирген, бикрдин (күйөөгө тие элек кыздын) жана өлүк аялдын сүтү менен арамдык дайын болот. 
Өзүнүн эки жарым жаштан кичүү болгон күндөшүн эмизип койсо, экөө тең эрине арам болуп калат. Эмизген чоңуна жыныстык жакындык кылынбаган болсо махр берилбейт. Эмизилгенине жарым махр берилет. Эмизген чоң аял атайылап никени бузууну максат кылган болсо, эри андан жарым махрды төлөтүп алат. 

Абибилла ажы Кадырбердиев