Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Муфтият | 29.11.2025
  • |

КООЗ КУЛК-МҮНӨЗ КЕМЕЛДИКТИН БЕЛГИСИ

Адеп-ахлак инсаният жашоосунда өтө олуттуу орунга ээ. Ошондуктан Ислам дининде адеп-ахлак маселесине чоң этибар берилген. Ислам дини адеп-ахлак дини. Абдуллах ибн Мубарак (рахимахуллах): «Диндин дээрлик үчтөн эки бөлүгү адептен турат», деп айткан. Даанышмандардан бири: «Ким сизден адеп жаатынан устун болсо, демек ал дин жаатынан да сизден устун. Себеби , дин бул адеп-ахлак», деген. Бул жаатта Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) баарыбызга үлгүлүү өрнөк болгон. Аллах Таала пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам)дын адеп-ахлагын сыпаттап мындай деген: 
وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍ ﴿٤﴾
«Албетте, сен улуу кулк-мүнөз үстүндөсүң». (Калам сүрөсү; 4-аят) 
لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيرًا ﴿٢١﴾
«Чындыгында силер үчүн Аллахтын Элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана акырет күнүнөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн». (Ахзаб сүрөсү; 21-аят)

Ал зат кооз кулк-мүнөз ээси болгон. Ал заттын кулк-мүнөзү жөнүндө хадисте мындайча айтылган: 
عَنْ سَعْدِ بْنِ هِشَامٍ، قَالَ: سَأَلْتُ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا، فَقُلْتُ: أَخْبِرِينِي عَنْ خُلُقِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَتْ: «كَانَ خُلُقُهُ الْقُرْآنَ». رَوَاهُ أَحْمَدُ.
Саъд ибн Хишам (разияллоху анху) риваят кылат: «Мен Айша (разияллоху анха)дан: «Мага Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам)дын кулк-мүнөзү жөнүндө  кабар бериңиз», деп сурадым. Ошондо ал: «Ал заттын кулк-мүнөзү Куран болчу», деп жооп берди». (Имам Ахмад риваяты) 

Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) Курандагы улуу кулк-мүнөз менен сыпатталган. Курандагы бардык жакшы ахлактарды өзүндө камтыган. Дагы бир хадисте мындай делген:  
عَنْ أَبِى هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « إِنَّمَا بُعِثْتُ لأُتَمِّمَ مَكَارِمَ الأَخْلاَقِ ».رَوَاهُ الْبَيْهَقِيُّ.
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): «Мен жакшы кулк-мүнөз, адеп-ахлактарды толуктоо үчүн жиберилгенмин» деп айтты». (Байхакий риваяты) 

Риваят кылынуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) сапарларынын биринде сахабаларына бир кой союп, тамак даярдоого буюрду. Ошондо алардан бири: «Койду мен мууздаймын», десе, экинчиси, «Анда мен койдун терисин шылып, этин майдалаймын», деди. Үчүнчүсү болсо, «Аны бышырып тамак даярдоо менин мойнумда», деди. Анан Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): «Анда мен отун терип келемин», деди. Сахабалар: «Эй, Аллахтын Элчиси! Сиз тим коюңуз, өзүбүз бардыгын жасайбыз», дешти. Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Туура, бул ишти өзүңөр деле жасай аласыңар, бирок мен силерден ажыралып турууну каалабаймын. Себеби, Аллах Таала пендесин өз досторунан ажыралып туруусун жактырбайт», деп жооп берди. 

Ал заттын өзү кооз кулк, улуу адептер менен сыпатталган болуу менен бирге үммөттөрүн да ушундай кооз кулк-мүнөздүү болууга кызыктырган жана кооз адеп-ахлактын пазилеттерин баян кылган. Бул жөнүндө хадисте мындайча келген: 
عَنْ عَائِشَةَ رَضِىَ اللَّهُ عَنْهُا، قَالَتْ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: « إِنَّ الْمُؤْمِنَ لَيُدْرِكُ بِحُسْنِ خُلُقِهِ دَرَجَةَ الصَّائِمِ الْقَائِمِ ». رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ.
Айша (разияллоху анха) риваят кылат: «Мен Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи ва саллам): «Албетте, момун кооз кулк-мүнөзү менен күндүз орозо кармап, түнү уктабай намаз окуган кишинин даражасына жетет», деп айтып жатканын уктум». (Абу Давуд риваяты) 

Дагы бир хадисте мындай делинген: 
عَنْ أَبِى الدَّرْدَاءِ رَضِىَ اللَّهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِىِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: قَالَ: «مَا مِنْ شَىْءٍ أَثْقَلُ فِى الْمِيزَانِ مِنْ حُسْنِ الْخُلُقِ». رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ.
Абу Дарда (разияллоху анху) риваят кылат: «Набий (соллаллоху алайхи ва саллам): «Таразада кооз кулк-мүнөзгө  караганда оор нерсе жок», деп айткан». (Абу Давуд риваяты) 

Башка бир хадисте мындай делген: 
عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِىَ اللَّهُ عَنْهُ، قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَكْمَلُ النَّاسِ إِيمَانًا أَحْسَنُهُمْ خُلُقًا …. رَوَاهُ أَحْمَدُ.
Анас ибн Малик (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): «Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат ...». (Имам Ахмад риваяты) 
Ошондой эле, кооз кулк-мүнөз жаатында улуу заттардан да ажайып пикирлер баян кылынган: 

Ибн Аббас (разияллоху анхума)га: «Сый-урматта болуу деген эмне?», деп суроо берилгенде, ал киши: «(إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ) "Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13) аятын окуду. Анан дагы: «Ар бир имараттын пайдубалы болгондой, Исламдын пайдубалы кооз адеп-ахлак», деди.  

Анас ибн Малик (разияллоху анху): «Инсан эгер нафл намаздарда жана нафл орозолордо өтө ибадаткөй болбосо да кооз адеп-ахлагы менен бейиштеги жогору даражаларга жетишет. Ал эми эгер ибадаткөй болсо да, жаман кулк себептүү тозоктун эң төмөн түбүнө түшүүсү мүмкүн», деп айткан. 

Хасан Басрий (рахимахуллах): «Кимдин кулку жаман болсо, өзүн-өзү азапка салыптыр», деген. 

Жунайд (рахимахуллах) айтат: «Эгер инсандын илми жана амалы аз болсо да, төрт нерсе аны бийиктиктерге көтөрөт: Сылыктык, бой көтөрбөө, жоомарттык жана кооз кулк-мүнөз. Кооз адеп-ахлак ыймандын кемелдиги». 

Яхя ибн Муъаз (рахимахуллах): «Жаман кулк жаман өзгөчөлүк болуп, аны менен көп жакшылыктар да пайда бербей калат. Жакшы кулк болсо, жакшы өзгөчөлүк болуп, аны менен көп жамандыктар зыян бере албай калат», деп айткан. 

Мухаммад Зехний (рахимахуллах): «Артыкчылыкка тек менен эмес, адеп менен жетишилет», деп айткан. 

Лукмани Хакимдин уулу атасына: «Эй, атаке! Инсан үчүн кайсы кыслет жакшыраа?», деди. Атасы: «Дин», деп жооп берди. «Эгер кыслет экөө болсочу?», деп сурады. Атасы: «Дин жана мал», деди. «Эгер үчөө болсочу?», деди. Атасы: «Дин, мал жана хая», деди. Уулу: «Эгер төртөө болсочу?», деп сурады. Атасы: «Дни, мал, хая жана кооз кулк-мүнөз», деди. «Эгер бешөө болсочу?», деп сурады. Атасы: «Дин, мал, хая, кооз кулк-мүнөз жана жоомарттык», деди. Уулу дагы: «Эгер алтоо болсочу?», деп сураганда: «Эй уулум! Эгер инсанда мына ушул беш кыслет бар болсо, ал таза, такыбадар, Аллахка дос жана шайтандан алыс болот», деп жооп берди. 

Айтор, адеп-ахлак маселеси жашообузда өтө олуттуу. Айрыкча жаштар, перзенттерибиздин тарбиясына жакшылап көңүл бөлүшүбүз зарыл. Аларга дайыма насааткөй болуп, туура адеп-ахлак үйрөтүп, тарбия берип турушубуз керек. Перзенттерибиз кимдер менен бирге басып-жүрүп жатканынан кабардар болушубуз керек. Себеби, инсан табияты бири-бирине көчүп туруучу. Киши кимге жакын болсо, анын пейили шеригине да таасир кылат. Бул жөнүндө калкыбызда ажайып макал-лакаптар да бар: 
«Сыныктан башканын баары жугат». «Казанга жакын барсаң көөсү жугат». «Жакшылардын маеги жакшылыкты уктурат, жамандардын маеги жамандыкты жуктурат». «Жакшы менен жүрсөң жетесиң муратка, жаман менен жүрсөң каласың уятка».
Аллах баарыбызга кооз адеп-ахлак жана жакшы кулк-мүнөз ээси болууну насип кылсын! 

Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын алдындагы диний агартуу башкармалыгынын башчысы

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)