Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Муфтият | 05.12.2025
  • |

ИСТИСКА НАМАЗЫ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

«Истиска» сөзү арабча сөз болуп молчулук, сугарууну талап кылуу маанисин билдирет. Адатта, күтүп турулган суунун же жамгырдын келүүсү кечиксе анын келүүсүн талап кылууну айтылат.

Истиска үч түрдүү болот.
Биринчиси, жалгыз-жалгыз же жамаат болуп дуба кылуу. 
Экинчиси, намаздан кийин дуба кылуу.
Үчүнчүсү, эки рекет намаз окуп, жума хутбасына окшош эки хутба айтып молчулук суроо. 
Суу келип, молчулук болгонго чейин кайра-кайра истиска кылына берет.

وَإِذِ اسْتَسْقَىٰ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ فَقُلْنَا اضْرِبْ بِعَصَاكَ الْحَجَرَ ۖ فَانْفَجَرَتْ مِنْهُ اثْنَتَا عَشْرَةَ عَيْنًا ۖ قَدْ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٍ مَشْرَبَهُمْ ۖ كُلُوا وَاشْرَبُوا مِنْ رِزْقِ اللهِ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ ﴿٦٠﴾
 «Муса качан өз элине ичүүгө суу сураганда, Биз: "Аса таягың менен ташты ур!" – дедик жана андан он эки булак атылып чыкты. Ар бир уруу өз булактарына ээ болду. Аллахтын ырыскыларынан жегиле, ичкиле, жер үстүндө жамандык, бузукулук кылбагыла!» («Бакара» сүрөсү; 60-аят)

Ушул аяттан Ислам үммөтүнөн мурунку үммөттөрдө да истиска болгондугу көрүнүп турат. Ошондой эле Аллах Тааладан жамгыр талап кылгандан соң, дубалар кабыл болуп жаан жааса ага шүгүр кылып, ырахатта жашоо керек. Жамандыктардан алыс болуп, күнөөнүн үстүнө күнөө жасай бербеш керек.  

Муса (алайхис салам) башчылыгында Бани Исраил Тийхте, чөлдө адашып калганда, өтө катуу чаңкашкан, анан Муса (алайхис салам) өзүнүн коому үчүн Аллахтан суу сураган. Ошондо Аллах Таала ал затка, "колуңдагы аса-таягыңды ташка ур" деп буйрук кылган. Муса (алайхис салам) аса-таягы менен ташты урганда ал таштан он эки булак атылып чыккан. Себеби, бани Исраил он эки сибт – уруу - дан турган.

أَخْرَجَهُ أَصْحَابُ السُّنَنِ الْأَرْبَعَة عَنْ إِسْحَاقِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ كِنَانَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ : أَرْسَلَنِي الْوَلِيدُ بْنُ عُقْبَةَ وَكَانَ أَمِيرَ الْمَدِينَةِ إِلَى ابْنِ عَبَّاسٍ أَسْأَلُهُ عَنِ اسْتِسْقَاءِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ : خَرَجَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مُبْتَذِلًا مُتَوَاضِعًا مُتَضَرِّعًا ، حَتَّىٰ أَتَى الْمُصَلَّىٰ ، فَلَمْ يَخْطُبْ خُطْبَتَكُمْ هٰذِهِ ، وَلٰكِنْ لَمْ يَزَلْ فِي الدُّعَاءِ وَالتَّضَرُّعِ وَالتَّكْبِيرِ وَصَلَّىٰ رَكْعَتَيْنِ ، كَمَا كَانَ يُصَلِّي فِي الْعِيدِ.
Исхак ибн Абдуллах ибн Кинанадан (разияллоху анху) риваят кылынат: «Мени Валид ибн Укба Мадинага амир болуп турганда Ибн Аббастын алдыга Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) истискасы жөнүндө сураш үчүн жиберди. Анан, ал: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) өзүн кор туткан абалда, тавазуъ жана тазарруъ кылган абалда майданга чыкты. Кийин минбарга чыкты. Силердин мына бул хутбаңардай хутба кылган жок. Бирок дуба, тазарруъ жана такбирде көпкө турду. Кийин айтта окулгандай кылып эки рекет намаз окуду» деди». (Сунан ээлери риваят кылган)

Абдуллах ибн Аббас (разияллоху анху), Ислам үммөтүнүн илим деңизи деген ылакап алган. Ал бар жерде бирөө илимден ооз ача албайт болчу. Мына ошол доордо Мадинага амир болгон Валид ибн Укба (разияллоху анху) өзү билсе да, айланасындагы кишилер билсе да, дагы да бекемдеп алуу үчүн Абдуллах ибн Аббас (разияллоху анху)нун алдыга Исхакты (разияллоху анху) жиберип, Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) Истиска амалы кандай болгонун сурап жатат.
Ислам үммөтүнүн илим деңизи болгон Абдуллах ибн Аббас болсо, Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) истиска амалы кандай болгонун сыпаттап берүүсүндө, ошол учурдагы кээ бир өзгөрүүнү, хутбаны башкача кылууну да баяндап өттү.  

Бул риваяттан тыянак чыгара турган нерселер:
Жетекчилер аалымдарды урмат кылып алардан иштерди кантип шариятка, сүннөткө ылайыктуу болушу жөнүндө сурап, кеңеш алып турушу керек. Истискага чыга турган адамдар өздөрүн кор-зар тутуш керек. Бул нерсе кийинүүдө, жүрүш-турушта, өзүн карманууда, мамиле жана башка нерселерде көзгө көрүнүп трушу керек. Себеби, бирөөгө иши түшкөн адам, ошол адамдын алдында өзүн кор тутса иши жеңил бүтөт. Аллах Таалага иши түшүп, Ал заттан суу, молчулук сураш үмүтүндө тургандар да өздөрүн кор тутушса иншаа Аллах иш жеңил бүтөт.

Истиска үчүн чыга турган кишилер  мутавазиъ болуш керек. Себеби, тавазуъ менен дуба кылуу, бир нерсе сураштын адептеринен болуп саналат.  
Истиска үчүн чыга турган кишилер тазарруъ менен турушу керек. Анткени, бул иш тазарруъ – Аллахка чын дилден катуу жалбаруусуз бүтпөйт.

Истиска мечитте эмес майданда болгону жакшы. Пайгамбардын (соллаллоху алайхи ва саллам)дын “Мусолла” деп аталуучу айт намаз жана башка мына ушундай мусулмандардын коомдук иштерин өткөрүүчү атайын аянт-майданы Мадинадан миң зироъ аралык узакта болгон. Себеби, истискага бүт жарандар, жадагалса сүт эмди бөбөктөрдү да, үй жаныбарларын да алып чыгып, алардын да кор-зар, муктаж экендигин көрсөтүп туруп истиска – молчулук сураш – амалга ашырылат. Бул амалды мына ушундай көрүнүштө, албетте, шаар ичиндеги мечитте жүзөгө ашырылбайт.

Адегенде имам минбарга чыгып, узак убакыт бою дуба, тазарруъ жана такбирде болушу керек. Албетте, коом имамга кошулуп турат.

Жамаат менен жалгыз-жалгыз айт намазына окшош эки рекет намаз окулат. Ханафий мазхабында айт намазындагыдай жамаат болуп, кыраатты жарыя кылып, ашыкча такбирлерди айтып намаз окулбайт.  Башка мазхабдарда такбирлер да айтылат, калган бардык нерселерди кудум айт намазындагыдай окулат. Маселен аны имамга уюп жамаат менен окулат.

وَقَالَ لَنَا أَبُو نَعِيمٍ عَنْ زُهَيْرٍ عَنْ أَبِي إِسْحَاقَ خَرَجَ عَبْدُ اللهِ بْنِ يَزِيدَ الْأَنْصَارِيِّ وَخَرَجَ مَعَهُ الْبَرَّاءُ بْنُ عَازِبٍ وَزَيْدُ بْنُ أَرْقَمَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمْ فَاسْتَسْقَىٰ فَقَامَ بِهِمْ عَلَىٰ رِجْلَيْهِ عَلَىٰ غَيْرِ مِنْبَرٍ فَاسْتَغْفَرَ ثُمَّ صَلَّىٰ رَكْعَتَيْنِ يَجْهَرُ بِالْقِرَاءَةِ وَلَمْ يُؤَذِّنْ وَلَمْ يُقِمْ. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ
Абдуллах ибн Язийд ал-Ансарий, аны менен бирге Барро ибн Азиб жана Зайд ибн Аркамдар (разияллоху анхум) истискага чыгышкан. Анан, Абдуллах ибн Язийд минбарсыз эле тик туруп (хутбада жалаң) истигфар айтты. Кийин эки рекет намаз окуду. Кыраатты жарыя кылды. Азан да икомат да айткан жок». (Имам Бухарий риваяты)

Ушул риваятта айтылып жаткан истиска алтымыш төртүнчү хижрий жылда Куфада болуп өткөн. Ошол учурда Абдуллах ибн Язийд (разияллоху анху) Куфага Абдуллах ибн Зубайр (разияллоху анху) тарабынан амир кылып дайындалган болчу. Жаан-чачын болбой, кургакчылык болгондо, шаардын четине чыгып истиска кылышкан. Мына ушул Абдулла ибн Язийддин жетекчилигинде, үч улуу сахаба биргеликте аткарган истиска үлгүлүү болгондуктан имам Бухарий (рахимахуллах) өзүнүн китебинде келтирген.  

Бул риваяттан алынуучу пайдалар: 
1. Истискага мусулман, такыба жетекчи жана ахли илим кишилер башчылык кылышса жакшы болот.
2. Тик турган абалда тооба-тазарруъ менен истигфар айтуу истиска үчүн зарылдыгы.
3. Истиска намазы эки рекет болушу.
4. Истиска намазында кыраат жарыя болушу. Эскертүү, Ханафий мазхабында истиска намазы жалгыз-жалгыз окулгандыктан кыраат жарыя кылынбайт.
5. Истиска намазында азан да, икомат да болбостугу. 

رَوَى الْبُخَارِيُّ عَنْ أَنَسٍ قَالَ: كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ لَا يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي شَيْءٍ مِنْ دُعَائِهِ إِلَّا الْإِسْتِسْقَاء وَأَنَّهُ يَرْفَعُ حَتَّىٰ يُرَىٰ بِيَاضُ إِبْطَيْهِ. وَفِي حَدِيثٍ أَيْضًا لِأَنَسٍ: فَرَفَعَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ وَرَفَعَ النَّاسُ أَيْدِيَهُمْ.
Имам Бухарий (рахимахуллах) Анастан (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) колдорун эч бир дубада истиска дубасында көтөргөндөй көтөрчү эмес. Истискада колдорун эки колтугунун агы көрүнгүдөй деңгээлде көтөрөт эле». Анас (разияллоху анху)дан риваят кылынган дагы бир хадисте: «Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) (колдорун) көтөргөндө, адамдар да колдорун көтөрчү» деп айтылган. 

Демек, истиска учурунда тазарруъ жана жалбарууну эң жогорку чокусуна чыгаруу керек. Чындыгында кургакчылык, суусуздук чоң апаат. Бул балээге дуушар болгон журтта ырыскы кемип, ачарчылык болуп, өсүмдүк, жан-жаныбар жана инсаният ааламы кыйроого учурайт. Бул балээге кез-кези менен ар бир журт дуушар болушу мүмкүн. Бул да болсо Аллахтын бир сыноосу. 

Демек, ушундай сыноого адамдар кандай мамиледе болуш керек? 

Бузук ишеничтеги калк гана бузук мамиледе болушу мүмкүн.
Тарыхта кургакчылык же каатчылык болгондо адамдар түрдүү бут-санамдарга, жасалма-жалган кудайларга атап курмандыктар чалышкан. Жадагалса инсан баласын да курмандыкка чалуу адаты болгон. 
Кудайсыздык өкүм сүргөн мына ушундай журттарда бул сыноо «табият ынжыктыгы» деп аталган. Анан ошол «табият ынжыктыгын» «жеңүү» үчүн «күрөштөр» болуп турган. Натыйжада ал «күрөштүн» акыбетинде жылдар өткөндөн кийин ал журттун башына кургакчылыктан да катуураак балээ-апааттар жаагандыгын тарых тажрыйбасы көрсөткөн. 

Исламда болсо, бардык нерсе Аллахтан деп билинет. Түрдүү балээ-апааттар, кургакчылык да Аллахтын сыноосу, пенделерге эскертүү деп эътикад кылынат.

Ошондуктан башка көйгөйлүү абалдардагыдай, кургакчылыкта да Аллахтын Өзүнө гана жалбаруу кылынат. Түрдүү усулдар менен Аллахка муктаждык белгилери көрсөтүлөт. 

Андыктан истиска амалында шаардан сыртка чыгылат. Бүт эл чыгат. Кары-картаңдар, оорулуулар, жаш наристе балдар жадагалса үй жаныбалары жана алардын балдарын да алып чыгылат. Энелерин балдарынан ажыратып коюлат. Булардын баарында кордук-зарлык белгилери бар. Мына ушундай тайпадагы адамдар кургакчылыктан эң көп зыян тарта турган адамдар болушу менен бирге алардын дубасы да кабыл болот.

فَقَدْ رَوَىٰ أَبُو يَعْلَىٰ الْمُوصِلِيِّ فِي مُسْنَدِهِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:  مَهْلا عَنِ اللهِ، مَهْلا، فَإِنَّهُ لَوْلَا شُيُوخٌ رُكَّعٌ، وَشَبَابٌ خُشَّعٌ، وَأَطْفَالٌ رُضَّعٌ، وَبَهَائِمُ رُتَّعٌ، لَصَبَّ عَلَيْكُمُ الْعَذَابَ صَبًّا
Абу Яълаа Ал-Мусилий өзүнүн муснадында Абу Хурайра (разияллоху анху)дан риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): «Кудай акы! Кудай акы! Эгерде итааткөй карыялар, бой көтөрбөгөн жөнөкөй жаштар, сүт эмди наристелер жана оттоочу жаныбарлар болбогондо үстүңөрдөн азап ушундай куюлмак!» деп айткан.

رِوَايَةُ التِّرْمِذِيِّ وَأَبِي دَاوُدَ عَنْ أَبِي الدَّرْدَاءِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «أَبْغُونِي ضُعَفَاءَكُمْ، فَإِنَّكُمْ إِنَّمَا تُرْزَقُونَ وَتُنْصَرُونَ بِضُعَفَائِكُمْ«
Имам Термизий жана Абу Давуд Абу Дардадан (разияллоху анху) кылган риваятта Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам): «Араңардагы алсыздарга жардам берүү менен мага көмөкчү болгула. Анткени ошол алсыздарыңар себептүү ырыскыланасыңар жана жардамга ээ болосуңар» деген.

رَوَي الْحَاكِمُ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ - صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّم َ قَالَ: لَا تَقْتُلُوا النَّمْلَةَ فَإِنَّ سُلَيْمَانَ عَلَيْهِ السَّلَامُ خَرَجَ ذَاتَ يَوْمٍ يَسْتَقِى فَإِذَا بِنَمْلَةٍ مُسْتَلْقِيَةٍ عَلَىٰ قَفَاهَا رَافِعَةً قَوَائِمَهَا تَقُولَ: اللّٰهُمَّ أَنَّا خَلْقٌ مِنْ خَلْقِكَ لَاغِنًي لَنَا عَنْ فَضْلِكَ اللّٰهُمَّ لَاتُؤَاخِذْنَا بِذُنُوبِ عِبَادِكَ الْخَاطِئِينَ وَاسْقِنَا مَطَرًا تُنْبِتُ لَنَا بِهِ شَجَرًا وَتُطْعِمْنَا بِهِ ثَمَرًا فَقَالَ سُلَيْمَانُ عَلَيْهِ السَّلَامُ لِقَوْمِهِ: ارْجْعُوا فَقَدْ كَفَيْتُمْ وَسَقَيْتُمْ بِغَيْرِكُمْ

Имам ал-Хаким Абу Хурайрадан (разияллоху анху) кылган риваятта: «Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Кумурсканы өлтүрбөгүлө! Себеби, күндөрдүн биринде (Сулайман алайхис салам) истиска кылганы чыкты. Анан буттарын көтөрүп, чалканча жатып алып мындай деп дуба кылып жаткан кумурсканы көрүп калды:  «Эй, бар Кудай! Албетте, биз Сенин махлуктарыңдан бир махлукпуз. Биз Сенин ырыскыңдан кажетсиз эмеспиз. Эй, бар Кудай! Катагөй пенделериңдин күнөөсү себебинен бизиди (азапка) тутпагын. Бизге жаан бере көр! Аны менен Өзүң дарактарды өстүрөсүң, андан бизге мөмө чыгарып бересиң». Ошондо Сулайман (алайхис салам) коомуна карап: «Кайта бергиле! Чындыгында өзүңөрдөн башканын дубасы себептүү сугарылмай болдуңар» деди.

Азыр да кээ бир элде истиска амалы аткарылып келүүдө. Бирок кээ бир элде өздөрү мусулман болушса да адамдардын динден алыстагандыгынан бул истиска амалы жасалбай калды. 

Эми калайык-калкка эл ичинде азыр жүрүп жаткан түрдүү бидъаттардын ордуна истиска амалын, анын өткөрүлүү жөрөлгөсүн Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) сүннөтүнө ылайык жүргүзүү керек. 

Кургакчылык учурларда элдин ачык асман алдында топтолуп тооба кылып Аллахтан кечирим тилеп, Ага алакан жая дуба кылышы, жамгыр жаадырышын суранышы сүннөт. Истиска амалында адамдар жамаат болбой жалгыз-жалгыз эки рекет намаз окуу мустахаб.

Истиска амалы кандай өтүшү керектиги төмөнкү хадисте кенен айтылган:
عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ: «شَكَا النَّاسُ إِلَىٰ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قُحُوطَ الْمَطَرِ، فَأَمَرَ بِمِنْبَرٍ، فَوُضِعَ لَهُ فِي الْمُصَلَّىٰ، وَوَعَدَ النَّاسَ يَوْمًا يَخْرُجُونَ فِيهِ، قَالَتْ عَائِشَةُ: فَخَرَجَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، حِينَ بَدَا حَاجِبُ الشَّمْسِ، فَقَعَدَ عَلَى الْمِنْبَرِ، فَكَبَّرَ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَحَمِدَ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ، ثُمَّ قَالَ: إِنَّكُمْ شَكَوْتُمْ جَدْبَ دِيَارِكُمْ، وَاسْتِئْخَارَ الْمَطَرِ عَنْ إِبَّانِ زَمَانِهِ عَنْكُمْ، وَقَدْ أَمَرَكُمُ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ أَنْ تَدْعُوَهُ، وَوَعَدَكُمْ أَنْ يَسْتَجِيبَ لَكُمْ، ثُمَّ قَالَ: الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ، الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ، مَلِكِ يَوْمِ الدِّينِ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ، يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ، اللَّهُمَّ أَنْتَ اللهُ لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ الْغَنِيُّ وَنَحْنُ الْفُقَرَاءُ، أَنْزِلْ عَلَيْنَا الْغَيْثَ، وَاجْعَلْ مَا أَنْزَلْتَ لَنَا قُوَّةً وَبَلَاغًا إِلَىٰ حِينٍ، ثُمَّ رَفَعَ يَدَيْهِ، فَلَمْ يَزَلْ فِي الرَّفْعِ حَتَّى بَدَا بَيَاضُ إِبِطَيْهِ، ثُمَّ حَوَّلَ إِلَى النَّاسِ ظَهْرَهُ، وَقَلَبَ، أَوْ حَوَّلَ رِدَاءَهُ، وَهُوَ رَافِعٌ يَدَيْهِ، ثُمَّ أَقْبَلَ عَلَى النَّاسِ وَنَزَلَ، فَصَلَّى رَكْعَتَيْنِ، فَأَنْشَأَ اللهُ سَحَابَةً فَرَعَدَتْ وَبَرَقَتْ، ثُمَّ أَمْطَرَتْ بِإِذْنِ اللهِ، فَلَمْ يَأْتِ مَسْجِدَهُ حَتَّى سَالَتِ السُّيُولُ، فَلَمَّا رَأَىٰ سُرْعَتَهُمْ إِلَى الْكِنِّ ضَحِكَ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَتَّى بَدَتْ نَوَاجِذُهُ، فَقَالَ: أَشْهَدُ أَنَّ اللهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، وَأَنِّي عَبْدُ اللهِ وَرَسُولُهُ» رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ، وَصَحَّحَهُ الْحَاكِمُ وَالنَّوَوِيُّ.
Айша энебиз (разияллоху анха) риваят кылат: «Адамдар Расуулуллахка (соллаллоху алайхи васаллам) жамгыр каатчылыгынан арызданышты. Анан ал зат минбар орнотууга буйрук берди. Намаз окулчу аянтка ал зат үчүн минбар орнотулду. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) адамдар менен чыга турган күндү убадалашып алды. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) күндүн кашы көрүнгөндө (аянтка) чыкты. Минбарга олтуруп, такбир айтты жана Алла Таалага хамд-мактоо айтты. Андан соң: «Албетте, силер аймагыңардагы кургакчылыктан жана силерден жамгыр өз убагынан  кечигип жаткандыгынан арыздандыңар. Чындыгында Алла Таала силерди Өзүнө дуба кылууга буюрган жана дубаңарды кабыл кылууга убада берген» деди. Анан: «Ааламдардын Роббиси Аллага хамд-алкыш болсун. Ал Рохман жана Рохийм (Ырайымдуу жана Боорукер). Жаза күндүн ээси. Алладан өзгө илах маъбуд (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал эмнени кааласа аны кылат.  Эй, бар Кудай, Сен Өзүңдөн башка илах маъбуд жок болгон затсын! Сен кажетсизсиң. Биз кажетке муктажбыз. Бизге нажат-кутулуу жамгырын түшүрүп бер. Бизге түшүргөн нерсеңди бир убакытка чейин кубаттуу жана жеткиликтүү кылгын» деди.

Кийин эки колун көтөрдү. Жадагалса эки колтугунун агы көрүнгөнгө чейин көтөрдү. Андан кийин адамдарга аркасын салды да чапанын айлантты. Соң адамдарга жүздөндү да минбардан түшүп эки рекет намаз окуду. 

Ошол маалда Аллах бир булут пайда кылды. Чагылган болуп, күн күркүрөдү. Анан Аллахтын изни менен жамгыр жаады. Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) мечитке жетип келе электе сел башталды. Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) адамдардын ары-бери чуркап коргонуп жатышканын көрүп азуу тиштери көрүнгүдөй деңгээлде каткырып күлдү. Анан:
«Алла ар бир нерсеге кадыр экендигине жана мен Алланын пендеси жана Элчиси экениме күбөлүк беремин» деди». (Абу Давуд риваяты. Ал-Хаким жана Нававий сахих, деген).

Мына ушул риваятта истиска хутбасынын тексти эле эмес, истисканын башынан аягына чейин, жадагалса натыйжасына чейин кенен баян кылынды. Бул риваяттын ар бир сөзү пайдадан ыраак эмес. Ошол пайдаларды сиздерге кыскача айта кетели: 
1. Мусулмандардын жетекчилерге кургакчылыктан арыздануусу жааиз экендиги. 
2. Адамдар арызданганда жетекчи жооп чарасын көрүү керектиги.
3. Истиска амалына алдын ала даярдык көрүп, аянтка минбар орнотуу жана башка керектүү нерселерди да дайындоо. Аянт дегенде эл отурукташкан шаар же айылдан обочороок болгон жайды даярдоо. Убакытты да алдын ала белгилеп коюу керектиги. 
4. Истиска амалынын башталуу убагы күн чыккандан кийин болуусу. Айт намазынын убагы истисканын да убагы. 
5. Имам минбарга чыгып такбир жана хамд-сана айтыш керектиги. Аалымдарыбыз такбир, айт хутбасында айтылуучу такбир сыяктуу болот, дешкен.
Ханафий жана Маликий мазхабында такбирдин ордуна истигфар айтуу жакшы. Себеби, кырдаал ушуну талап кылат, дешкен.   
6. Истиска жөрөлгөсүндө адамдарды дуба жана жалынып-жалбарууга кызыктырууну, Аллахтан жалбарып нажат жамгыры суроону өз ичине камтыган дуба болушу керек.  
7. Истискада колдорун эки колтуктун асты көрүнгүдөй бийик көтөрүп берилүү менен дуба кылуу керек.  
8. Имам кыбылага жүздөнүп дуба кылуусу жана чапанын айлантып, тескери кылып жамынуусу керек. 

Ушул жерге бир аз түшүндүрмө бере кетүү керек. Имамдын чапанын тескери кылып айлантып алуусу Ханафий мазхабында мүмкүн эмес. Имам Абу  Ханифа менен Абу Юсуфтун пикиринде: Мындай кылууда эч кандай ибадат маанисин жок. Ал эми Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай кылганы ал кишинин өзүнө гана таандык. Чындыгында ал кишиге бул нерсе вахий менен дайын болгон. Тагыраагы чапанын оодарып, тескери кылуусу менен асманда булут пайда болуп жаан жааган. Демек ал кишиден кийин мусулмандарга мындай кылууга уруксат жок. 
9. Кийин имам минбардан түшүп эки рекет намаз окуусу. Истискада намаз жамаат менен окулбайт. Байкаган болсоңуз риваятта “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) адамдарга имам болуп намаз окуп берди” делинген жок. Андыктан адамдар жалгы-жалгыз болуп намаз окушса уруксат.  
10. Истисканы Аллах Таала дароо кабыл кылуусу Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) урматынан. 
11. Истискадан соң жаан жаап мол-көлчүлүк болгондо Аллахка шүгүр айтуу керектиги. Риваяттын аягындагы Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)дын айткан күбөлүк келмеси мына ушуга далалат кылат. 

Истисканы зарылдык болгон учурда мечитте кылса да болот:
عَن أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّهُ قَالَ:  أَصَابَتِ النَّاسَ سَنَةٌ شِدَّةٌ وجَهْدٌ مِنَ الجَدْبِ والقَحْطِ  علَىٰ عَهْدِ رَسولِ اللهِ صلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ، فَبيْنَا رَسولُ اللهِ صلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ يَخْطُبُ علَى الْمِنْبَرِ يَومَ الْجُمُعَةِ قَامَ أعْرَابِيٌّ، فَقالَ: يا رَسولَ اللهِ، هَلَكَ الْمَالُ، وجَاعَ الْعِيَالُ، فَادْعُ اللهَ لَنَا أنْ يَسْقِيَنَا، قالَ: فَرَفَعَ رَسولُ اللهِ صلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ يَدَيْهِ وَمَا فِي السَّمَاءِ قَزَعَةٌ، قالَ: فَثَارَ سَحَابٌ أمْثَالُ الجِبَالِ، ثُمَّ لَمْ يَنْزِلْ عَنْ مِنْبَرِهِ حتَّىٰ رَأَيْتُ الْمَطَرَ يَتَحَادَرُ علَىٰ لِحْيَتِهِ، قالَ: فَمُطِرْنَا يَومَنَا ذٰلِكَ، وَفِي الْغَدِ، وَمِنْ بَعْدِ الْغَدِ، وَالَّذِي يَلِيهِ إِلَى الْجُمُعَةِ الْأُخْرَىٰ، فَقَامَ ذٰلِكَ الْأَعْرَابِيُّ - أَوْ رَجُلٌ غَيْرُهُ - فَقالَ: يا رَسولَ اللهِ، تَهَدَّمَ الْبِنَاءُ وَغَرِقَ الْمَالُ، فَادْعُ اللهَ لَنَا، فَرَفَعَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَيْهِ، وَقَالَ: اللَّهُمَّ حَوَالَيْنَا، وَلَا عَلَيْنَا (أَيْ: أَنْزِلِ الْمَطَرَ فِي جَوَانِبِنَا، لَا عَلَيْنَا وَعَلَىٰ أَبْنِيَتِنَا). قَالَ: فَمَا جَعَلَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُشِيرُ بِيَدِهِ إِلَىٰ نَاحِيَةٍ مِنَ السَّمَاءِ إلَّا تَفَرَّجَتْ (أَيْ: كُلَّمَا أَشَارَ إِلَىٰ نَاحِيَةٍ انْكَشَفَ السَّحَابُ فِيهَا)، حَتَّىٰ صَارَتِ الْمَدِينَةُ فِي مِثْلِ الْجَوْبَةِ (أَيْ: الْفُرْجةِ الْمُسْتَدِيرَةِ فِي السَّحَابِ، فَأَحَاطَتْ بِهَا الْمِيَاهُ كَالْحَوْضِ الْمُسْتَدِيرِ) حَتَّىٰ سَالَ الْوَادِي -وَادِي قَنَاةَ- شَهْرًا (وَقَنَاةُ: اسمٌ لِوَادٍ مُعَيَّنٍ مِنْ أَوْدِيَةِ الْمَدِينَةِ بِنَاحِيَةِ أُحُدٍ وَالْمَعْنَىٰ: جَرَىٰ فِيهِ الْمَاءُ شَهْرًا)، قَالَ: فَلَمْ يَجِئْ أحَدٌ مِنْ نَاحِيَةٍ إلَّا حَدَّثَ بالْجَوْدِ. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَ مُسْلِمٌ
وَ فِي رِوَايَةٍ: "... قَالَ: فَرَفَعَ رَسُولُ اللهِ -صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ- يَدَيْهِ ثُمَّ قَالَ: اللَّهُمَّ أَغِثْنَا ، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا ، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا ..."

Анас ибн Малик (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) доорунда адамдарга кургакчылык-каатчылык жылы жетти. Күндөрдүн биринде Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жума күнү минбарда хутба кылып турганда бир чөлдүк араб ордунан турду да: «Эй, Аллахтын Расуулу, мал-жан кырылып кетмей болду, үй-бүлөлөрүбүз ачка калды. Аллахка дуба кылыңыз, бизге жаан берсин!» деди. Анас айтат: Анан, Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) колун көтөрүп, дуба кыла баштаганда асманда булут жок болчу. Кокус эле асманды тоодой болгон булуттар каптады. Соң Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) минбарынан түшүп, түшө электе жаан жаап кирди. Натыйжада жаандын суусу Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) сакалынан ылдый акты. Андан кийин ошол күнү, анын эртеси, анын эртеси келээрки жумага чейин жаан тынбай жаады. Анан жанагы суранган киши же башкасы (кийинки жума намазында) ордунан туруп:  «Эй, Аллахтын Расуулу, имараттар урап, мал-жан чөгүп бүтмөй болду. Андыктан (жамгырдын зыян эмес) бизге пайдалуу болуусун тилеп дуба кылыңыз!» деди. Ошондо Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) колун көтөрүп мындай деп дуа кылды:

“Эй бар Кудайым! Жамгырды биздин жана имараттарыбыздын үстүнө эмес, шаарыбыздын айланасына (жайыттарга) жаадыра көр!”. Анан Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) колу менен асманга ишара кылды эле булуттар Мадинанын үстүнөн арыла баштады. Натыйжада Мадинанын үстүнөн булуттар кудум кийим чечилгендей суурулуп кетти, асман үйүлүшкөн булуттардан арылып калды. Андан кийин Ухуд тараптагы Мадинанын өрөөндөрүнүн бири болгон “Конат” өрөөнүнө бир ай жамгыр жаады. Мадинанын сыртынан ким келсе берекелүү жамгыр жөнүндө (суктанып) сүйлөйт болчу. (Имам Бухарий жана Муслим риваяты)

Башка бир риваятта чөлдүк араб биринчи кайрылып, кургакчылыктан арызданганда Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) үч жолу: “Эй бар Кудайым! Бизге нажат жамгырын бере көр! Эй бар Кудайым! Бизге нажат жамгырын бере көр! Эй бар Кудайым! Бизге нажат жамгырын бере көр!” деп дуба кылган.
Ушул риваятта истисканын дагы бир түрү жөнүндө сөз болуп өттү. Мындай истиска жума күнү минбарда имамдын дуба кылуусу менен болот. Бул хадис истиска жаатындагы эң машхур-белгилүү хадис болуп саналат. Анда көптөгөн пайдалар бар:  
1. Кургакчылык жана ал себептүү келген зыяндар жөнүндө арыздануу мүмкүндүгү. 
2. Ахли салих кишилерден дуба суроо жааиздиги.
3. Имамга истиска жөнүндө арыздануу болгондо, жума хутбасы ичинде истиска дубасын кылуу мүмкүндүгү.
4. Истиска дубасын эки колду көтөрүп кылуу. 
5. Дубаны үч жолу кайталоо жакшылыгы.
6. Зыянды кетирүү үчүн кылынган дуба тобокелге терс эместиги. 
7. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) дубасы ошол замат дароо кабыл болуусу. 
8. Дубаны адеп менен кылыш керектиги. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) жамгырды токтонууну эмес, керектүү жайларга жаадырууну сурагандыгы ушуну көрсөтөт.

Аллах Таала жергебизге жаан бере көр! Биз күнөөкөр болсок күнөөлөрүбүздү кечире көр! Биз күнөөкөр болсок да, бейкүнөө наристелерибиздин, кары ата-энелерибиздин урматына бизге жаан бере көр! Бизден ырайымыңды, берекеңди аяба! Өзүңө гана сыйынабыз, Өзүңдөн гана жардам сурайбыз. Сен Өзүң гана бүт кажеттерибизди эч кемчиликсиз  аткарасың. Сен Өзүң бүт ааламдын Роббиси жана ырайымдуулардын ырайымдуусусуң! Аамийн йаа Роббал ааламийн!!!

Даярдаган: Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын алдындагы диний агартуу башкармалыгынын башчысы