Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Муфтият | 28.11.2025
  • |

ИДДА МАСЕЛЕСИ

«Идда» сөзү сөздүктө «санаш», «эсептөө» маанилерин билдирет. Шариятта болсо аял киши эринин өлүмүнөн кийин же эри менен ажырашкандан кийин сакташ керек болгон мөөнөткө айтылат.  

Бул өкүмдүн шариятка киргизилүүсү бир канча хикматтарга ээ.  
Биринчиси: эринен ажыраган аял кош бойлуубу же жокпу экендиги аныкталат. Муну мнен насаб-тек аралашып кетүүсүнүн алды алынат.  
Экинчиси: өлгөн эрдин урматы аткарылат. 
Үчүнчүсү: эр менен чогуу өткөрүлгөн үй-бүлөлүк жашоонун урматы себеп да дароо башка эрге тийип кетпей, иддага олтурулат. Дагы мындан башка хикматтары да бар. 

Эми ушул маселе боюнча «Мухтасару Викояда» келген матндар менен таанышып чыгалы.
الْعِدَّةُ لِحُرَّةٍ تَحِيضُ لِلطَّلَاقِ، وَالْفَسْخِ ثَلَاثُ حِيَضٍ كَوَامِلَ
Этек кир көрө турган хур-азат аялдын талак жана фасх иддасы үч жолу толук этек кир көрүү болот. 
Никенин «фасх» болуусу төмөнкү беш көрүнүштө болот:
1. Кичүү – балакатка жете элек кезде никелеп коюп, кийин балакатка жеткенде ыктыяр өзүнө берилип, ажырашуу; 
2. Эр кул, аял күң болуп турганда аял азат кылынып, ага ыктыяр берилгенде ажырашуу; 
3. Эр же аялдан бири экинчисине кожоюн болуп калганы үчүн ажырашуу; 
4. Эрдин уулун шахват менен өпкөнү үчүн ажырашуу; 
5. Экөөнөн бири муртад болуп динден чыкканы үчүн ажырашуу сыяктуу абалдардагы мажбурий ажырашуулар болот. 
Мындай абалдарда да аял талак кылынгандагы сыяктуу үч жолу толук этек кирүү менен идда күтүүсү важиб болот.   
Мында аял этек кир көрө турган болсо, толук үч жолу этек кир көрүп, бүтүүсү менен иддасы чыгат. Талак кылынган учурда этек кир көрүп жаткан болсо, ошол этек кир эсепке кирбейт. Андан сырткары үч этек кир көрүүсү шарт. 

Бул өкүмдүн далил Курандан алынган.
Аллах Таала Бакара сүрөсүндө айтат: 
وَالْمُطَلَّقَاتُ يَتَرَبَّصْنَ بِأَنْفُسِهِنَّ ثَلَاثَةَ قُرُوءٍ ۚ وَلَا يَحِلُّ لَهُنَّ أَنْ يَكْتُمْنَ مَا خَلَقَ اللهُ فِي أَرْحَامِهِنَّ إِنْ كُنَّ يُؤْمِنَّ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ ... ﴿٢٢٨﴾
«Талак кылынган аялдар (башка бирөөгө турмушка чыгуудан мурда) үч куруъ мөөнөтү өтүүсүн күтөт. Эгер Аллах жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо, Аллах алардын жатынына жаратып койгон нерсени жашырып коюусу адал эмес...» (228-аят).
Бул аяттагы  «куруъ» сөзү эки маанин – «тазалык» жана «хайз» маанилерин билдирет. Ханафий мазхабы «хайз» – этек кир маанисин алган.

كَأُمِّ وَلَدٍ مَاتَ مَوْلَاهَا أَوْ أَعْتَقَهَا أَوْ مَوْطُوءَةٍ بِشُبْهَةٍ أَوْ نِكَاحٍ فَاسِدٍ فِي الْمَوْتِ وَالْفُرْقَةِ

Кожоюну кайтыш болгон же азат кылынган умму валад, күмөн менен же фасид нике менен жыныстык жакындык кылынган аял өлүмдө жана ажырашканда да ушундай болот.  
Мындай аялдын да иддасы үч толук этек кир көрүү болот. Албетте, ал этек кир көрө турган аялдардан болсо жана кош бойлуу болбосо. 

«Күмөн менен жыныстык жакындык кылуу» караңгыда билбей, өзүмдүн аялым деп ойлоп, башка аялга жакындык кылып коюуга окшош абалдар да болуп калат. Фасид нике болсо күбөлөрсүз болгон нике, же эжесинин иддасы бүтө электе сиңдисине үйлөнүп алуу, төртүнчү аялдын иддасы чыга электе, бешинчисин никеге алуу сыяктуулар фасид нике болуп саналат. 

وَلِمَنْ لَا تَحِيضُ لِصِغَرٍ أَوْ كِبَرٍ، أَوْ بَلَغَتْ بِالسِنِّ وَلَمْ تَحِضْ ثَلَاثَةُ أَشْهُرٍ.

Жашы жете электигинен же жашы улгайып калгандыгынан этек кир көрбөгөн аялдар же жашы жетсе да этек кир көрбөгөн аялдардын иддасы үч ай.  
Бул өкүмдүн далил төмөнкү аят. 
Аллах Таала мындай деп айтат: 
وَاللَّائِي يَئِسْنَ مِنَ الْمَحِيضِ مِنْ نِسَائِكُمْ إِنِ ارْتَبْتُمْ فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَاثَةُ أَشْهُرٍ وَاللَّائِي لَمْ يَحِضْنَ ۚ... ﴿٤﴾
     «(Ажырашкан) аялдарыңардан (картайып) этек кир көрүүдөн үмүтүн үзгөндөрүнүн идда күтүү мөөнөтү үч ай болот. (Жашы жете электен же жашы жетсе да кандайдыр бир себептен улам картайбаса деле) этек кир көрө электердин идда күтүү мөөнөтү да ушундай...» (Талак сүрөсү; 4-аят).

وَلِلْمَوْتِ أَرْبَعَةُ أَشْهُرٍ وَعَشْرٌ

Өлүмдөн кийин төрт ай он күн.
Бул өкүмдүн далил да Куранда келген. Аллах Таала айтат:  :  
... وَالَّذِينَ يُتَوَفَّوْنَ مِنْكُمْ وَيَذَرُونَ أَزْوَاجًا يَتَرَبَّصْنَ بِأَنْفُسِهِنَّ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَعَشْرًا ۖ...﴿٢٣٤﴾
«Силерден каза болгон эркектердин артында калган аялдары өз алдынча төрт ай он күн идда күтөт...» (Бакара сүрөсү, 234-аят).
Бул өкүмгө хадистен да далил бар: 
عَنْ حُمَيْدِ بْنِ نَافِعٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ، عَنْ زَيْنَبَ بِنْتِ أَبِي سَلَمَةَ، أَنَّهَا قَالَتْ: دَخَلْتُ عَلَى أُمِّ حَبِيبَةَ زَوْجِ النَّبِيِّ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم حِينَ تُوُفِّيَ أَبُوهَا أَبُو سُفْيَانَ بْنُ حَرْبٍ، فَدَعَتْ بِطِيبٍ فِيهِ صُفْرَةٌ خَلُوقٌ، أَوْ غَيْرُهُ، فَدَهَنَتْ مِنْهُ جَارِيَةً، ثُمَّ مَسَّتْ بِعَارِضَيْهَا، ثُمَّ قَالَتْ: وَاللهِ مَا لِي بِالطِّيبِ مِنْ حَاجَةٍ، غَيْرَ أَنِّي سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم يَقُولُ عَلى الْمِنْبَرِ: «لَا يَحِلُّ لِامْرَأَةٍ تُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ، أَنْ تُحِدَّ عَلَى مَيِّتٍ فَوْقَ ثَلَاثِ لَيَالٍ، إِلَّا عَلَى زَوْجٍ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَعَشْرًا». رَوَاهُ مُسْلِمٌ
Хумайд ибн Нафеъ (разияллоху анху) риваят кылат: «Зайнаб бинти Абу Салама айтат: «Набийдин (соллаллоху алайхи васаллам) жубайы Умму Хабибанын жанына кирдим. Ошол учур анын атасы  Абу Суфян ибн Харб кайтыш болгон күндөр болчу. Ал сары түстүү бир аралашма же башка бир жагымдуу жыттуу нерсе келтирилүүсүн сурады. Андан бир кичинекей кызга сүртүп көрдү да, андан соң өзүнүн эки жүзүнө сүртүп туруп: «Аллахка ант! Азыр жыттуу нерсе сүртө турган абалым деле жок. Бирок, Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) минбардан туруп: «Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген аял үчүн кайтыш болгон адамына үч күндөн ашык аза тутуусу адал эмес. Бир гана эрине төрт ай он күн аза тутат», дегенин уккан элем» деди». (Имам Муслим риваяты)

وَلِأَمَةٍ تَحِيضُ: حَيْضَتَانِ
Этек кир көрө турган күңдүн иддасы эки этек кир көрүү. 

Бул өкүмдүн далил төмөнкүчө: 
وعن عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قالَتْ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ: "طَلَاقُ الْأَمَةِ تَطْلِيقَتَانِ، وَعِدَّتُهَا حَيْضَتَانِ". رواهُ أبو داودَ والتِّرْمِذِيُّ وابنُ مَاجَهْ ، وصَحَّحَهُ الحاكمُ.
Айша энебиз (разияллоху анха) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Күңдүн талагы эки талак, иддасы болсо эки этек кир көрүү». (Абу Давуд, Термизий жана Ибну Маажа риваяты. Ал-Хаким бул хадисти сахих деген).

وَلِمَنْ لَمْ تَحِضْ، أَوْ مَاتَ عَنْهَا زَوْجُهَا، نِصْفُ مَا لِلْحُرَّةِ
Этек кир көрбөй турган же эри өлгөн күң аялдын иддасы хур-азат аялдын иддасынын жарымы. 
Жашы жете элек же жашы өтүп улгайып калган себептүү этек кир көрбөй турган күңдүн иддасы бир жарым ай, ал эми эри өлгөн күңдүн иддасы эки ай беш күн. 

وَلِلْحَامِلِ الْحُرَّةِ وَالْأَمَةِ، وَإِنْ مَاتَ عَنْهَا زَوْجُهَا وَضْعُ حَمْلِهَا.
Кош бойлуу хур-азат аялдын да, күң аялдын да эри өлгөндөн кийинки иддасы боюндагысын төрөөсү. 
Себеби Аллах Таала бул жөнүндө Куранда мындай деп айткан: 
... وَأُولَاتُ الْأَحْمَالِ أَجَلُهُنَّ أَنْ يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ ۚ ... ﴿٤﴾
«... Кош бойлуу аялдардын идда мөөнөтү – төрөгөнгө чейин...». (Талак сүрөсү; 4-аят).

Бул өкүмгө хадистен да далил бар: 
قَالَ أَبُو هُرَيْرَةَ رَضِي اللهُ عَنْهُ: اجْتَمَعَ أَبُو سَلَمَةَ وَابْنُ عَبَّاسٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ، وَهُمَا يَذْكُرَانِ الْمَرْأَةَ تُنْفَسُ بَعْدَ وَفَاةِ زَوْجِهَا بِلَيَالٍ، فَقَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ: عِدَّتُهَا آخِرُ الْأَجَلَيْنِ، وَقَالَ أَبُو سَلَمَةَ: قَدْ حَلَّتْ بِالْوَضْعِ، فَجَعَلَا يَتَنَازَعَانِ، فَقَالَ أَبُو هُرَيْرَةَ: أَنَا مَعَ ابْنِ أَخِي، فَبَعَثُوا كُرَيْبـًا إِلَى أُمِّ سَلَمَةَ يَسْأَلُهَا، فَجَاءَهُمْ، فَأَخْبَرَهُمْ أَنَّ أُمَّ سَلَمَةَ، قَالَتْ: إِنَّ سُبَيْعَةَ الْأَسْلَمِيَّةَ نُفِسَتْ بَعْدَ وَفَاةِ زَوْجِهَا بِلَيَالٍ، وَإِنَّهَا ذَكَرَتْ ذَلِكَ لِرَسُولِ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم، فَأَمَرَهَا أَنْ تَتَزَوَّجَ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ.
وَلَفْظُ التِّرْمِذِيِّ: وَضَعَتْ سُبَيْعَةُ بَعْدَ وَفَاةِ زَوْجِهَا بِثَلَاثَةٍ وَعِشْرِينَ أَوْ خَمْسَةٍ وَعِشْرِينَ يَوْمًا، فتَشَوَّفَتْ لِلنِّكَاحِ، فَأُنْكِرَ عَلَيْهَا، فَذُكِرَ ذَلِكَ لِلنَّبِيِّ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم، فَقَالَ: «إِنْ تَفْعَلْ فَقَدْ حَلَّ أَجَلُهَا» 
Абу Хурайра (розияллоху анху) риваят кылат: «Абу Салама жана Ибн Аббас (разияллоху анхума) бир болуп чогулганда, эринин өлүмүнөн бир канча түн өтүп төрөй турган аялдын маселесин эскерип калышты. Ибну Аббас: «Анын иддасы эки мөөнөттүн узагы», деди. Абу Салама болсо: «Төрөрү менен адал болот» деди. Экөө талашып-тартыша баштады. Ошондо Абу Хурайра (разияллоху анху): «Мен бир тууганымдын уулу тараптамын», деди. Сурап келүү үчүн Курайбты Умму Саламага жиберишти. Ал келип: «Умму Салама: «Субайъа Ал-Асламийя эринин өлүмүнөн бир нече түн өтүп төрөдү. Кийин аны Расуулуллахка (соллаллоху алайхи васаллам) айтты эле, ал зат аны эрге тийүүгө буюрду» деп айтты» деди». (Имам Муслим риваяты)
Имам Термизийдин тексттинде:
«Субайъа (разияллоху анха) эринин өлүмүнөн жыйырма үч же жыйырма беш күн өтүп төрөгөн. Соң никеленмекчи болду. Ага каршы чыккандар болду. Кийин бул Расуулуллахка (соллаллоху алайхи васаллам) айтылганда, «Эгер кылмакчы болсо (эрге тиймекчи болсо), мөөнөтү келди» деди» деп айтылган.

وَلِمَنْ حَبِلَتْ بَعْدَ مَوْتِ الصَّبِيِّ عِدَّةُ الْمَوْتِ، وَلَا نَسَبَ فِي وَجْهَيْهِ.
Жашы жете элек эрдин өлүмүнөн кийин кош бойлуу болгон аялдын иддасы өлүм иддасы. Эки абалда да насаб-тек дайын болбойт. 
Бир аял балакатка жете элек балага никеленген болчу. Ал бала өлүп калды. Андан кийин аял кош бойлуу болду. Эми ал аял кош бойлуу аялдын иддасын эмес, эри өлгөн аялдын иддасын күтөт. Себеби эри өлгөндө ал кош бойлуу эмес болчу. Балакатка жете элек баланы никесинде болгон аял анын тирүүсүндө кош бойлуу болсо да, өлгөндөн кийин кош бойлуу болсо да, аялдын боюндагы баланын теги дайын болбойт. Анткени балакатка жете элек жаштагы баладан кош бойлуу болуу мүмкүн эмес. 

وَلِامرْأَةِ الْفَارِّ لِلْبَائِنِ أَبْعَدُ الْأَجَلَيْنِ، وَلِلرَّجْعِيِّ مَا لِلْمَوْتِ
Жоопкерчиликтен качып талак кылган кишинин аялынын иддасы, эгер баин болсо, эки мөөнөттөн узагы жана ражъий болсо, өлүмдүкү. 
«Жоопкерчиликтен качып талак кылуу» өлүм төшөгүндө жаткан адамдын аялына мурастан тийбесин деген максатта аны талак кылуусу экенин билип алышбыз керек. Мына ушул талак эки түрдүү – баин же ражъий болуусу мүмкүн. 
Эгер талак баин болсо, аял өлүм жана талак иддаларынын кайсынысы узагыраак болсо, ошону күтөт. Тактап айтканда, эри өлгөндөн кийин төрт ай он күнго чейин этек кир көрүп бүтө турган болсо өлүм иддасын күтөт. Эгер анын үч этек көрүү мөөнөтү төрт ай он күндөн көпкө созула турга болсо, талак иддасын күтөт. 
Эгер талак ражъий болсо, аял өлүм иддасын күтөт. Себеби ражъий талак иддасында никеге байланыштуу болгон өкүмдөр кете элек болот. 
Ошондой эле, мындай абалда аял «Силерден каза болгон эркектердин артында калган аялдары өз алдынча төрт ай он күн идда күтөт...» деген аятка амал кылуучулар катарына кирет.

وَلِمَنْ أُعْتِقَتْ فِي عِدَّةِ رَجْعِيٍّ، كِعِدَّةِ حُرَّةٍ، وَفِي عِدَّةِ بَائِنٍ أَوْ مَوْتٍ كَأَمَةٍ
Ражъий талак иддасында азат кылынган күң аялдын иддасы азат аялдын, баин талак иддасында азат кылынган аялдын иддасы жана өлүмдүкү күңдүн иддасы сыяктуу болот. 
Себеби ражъий талакта нике бар, ал эми баинде болсо жок. 

وَآيِسَةٌ رَأَتِ الدَّمَ بَعْدَ عِدَّةِ الْأَشْهُرِ، تَسْتَأْنِفُ بِالْحَيْضِ
Этек кирден калган картаң аял бир канча айдан кийин кан көрүп калса, идданы кайра баштап, этек кир менен күтөт. 
Бир аял этек кирден калганы үчүн үч ай идда күтмөкчү эле. Бирок эки айдан кийин кан көрүп калды. Мындайда ал ошол күндөн жаңы идда баштайт жана иддасын үч этек кир көрүү менен аягына чыгат. 

كَمَا تَسْتَأْنِفُ بِالشُّهُورِ مَنْ حَاضَتْ حَيْضَةً ثُمَّ أَيِسَتْ
Ошондой эле, бир этек кир көрүп, соң этек кирден калса да жаңыдан идда баштап, ай менен күтөт. 
Эки этек кир көргөндөн кийин, кан көрүүдөн калган аял да жаңыдан идда күтүүнү баштап, аны ай менен эсептейт. 

وَعَلَى مُعْتَدَّةٍ وُطِئَتْ بِشُبْهَةٍ عِدَّةٌ أُخْرَى، وَتَدَاخَلَتَا، فَإِذَا تَمَّتْ الْأُوْلَى انْقَضَى بَعْضُ الثَّانِيَةِ
Иддада олтурганда күмөн менен жакындык кылынган аялга башка идда важиб болот. Эки идда бир-бирине киришип кетет. Биринчиси бүткөндө экинчисинин кээ бири өткөн болот.  
Иддадагы аялга бирөө үйлөнүп, ага жакындык кылып коёт же аялдар «Бул сенин аялың» деп эркекти ага кошуп коюшат жана жакындык жүз берет. Мындайда жыныстык жакындыкты «күмөн менен болгон жакындык» делинет. Өзү иддада олтурган аялга карата мындай иш жүзөгө келгенде аял негизги иддасынын үстүнө күмөн менен кылынган жакындыктын иддасын да күтүү важиб болуп калат. 

Мисал үчүн, бир этек кир идда олтурган аял анын үстүнө дагы үч этек кир олтуруусу шарт болот. Өтүп кеткен бир этек кирден кийинки эки этек кир негизги идданын уландысы болуу менен бирге, күмөн иддасынын биринчи жана экинчи этек кирлери болот. Андан кийин аял экинчи идданы толтуруу үчүн дагы бир этек кир көрүп бүткүчө олтурат. 

Идда олтуруу жалаң кош бойлуулукту аныктоо үчүн гана эмес. Бул идданын хикматтарынан бири. Мындан кош бойлуу эместиги анык болгон аялдар идда олтурбаса да боло берет деген кыялга барбаш керек. Идда олтуруунун мындан башка да көптөгөн хикматтары бар болуп, аларды жалгыз Аллахтын Өзү билет. Ошондуктан кош бойлуу эместиги анык болгон аялдар да идда олтуруусу керек. Эгер идда олтурбай башка кишиге никеленип кетсе, никеси батыл, өзү күнөөкөр болот. 

وَعِدَّةُ النِّكَاحِ الْفَاسِدِ عَقِيبَ تَفْرِيقِهِ، أَوْ عَزَمَهُ تَرْكَ الْوَطْئِ
Фасид никенин иддасы ажыратылгандан же жакындыкты таштоону чечим кылгандан кийин башталат.
Эркек аялга жакындык кылууну таштаганы жөнүндө кабар берүүсү шарт.

وَتَنْقَضِي الْعِدَّةُ وَإِنْ جَهِلَتْ
Аял кабарсыз болсо да, идда бүтүп кала берет.
Эрдин талак кылганын же өлгөнүн аял билбесе да, иддасынын санагы жүрө берет. Идданын эсеби башталуусу үчүн талак жана өлүмдү аялдын билүүсү шарт эмес. 

وَإِنْ نَكَحَ مُعْتَدَّتَهُ مِنْ بَائِنٍ وَطَلَّقَ قَبْلَ الْوَطْءِ، وَجَبَ عَلَيْهِ مَهْرٌ تَامٌّ وَعِدَّةٌ مُسْتَقْبَلَةٌ
Эгер эр өзү койгон баин талакта идда олтурган аялды кайра никелеп алып, жакындык кылбай туруп талак кылса, толук махр жана жаңыдан идда важиб болот. 
Себеби бул жаңы никенин өкүмүндө болот. 

وَلَا عِدَّةَ عَلَى ذِمِّيَّةٍ طَلَّقَهَا ذِمِّيٌّ، وَلَا حَرْبِيَّةٍ خَرَجَتْ إِلَيْنَا مُسْلِمَةً إِلَّا الْحَامِلُ
Зиммий талак кылган зиммий аялга жана биз тарапка мусулман болуп чыгып келген харбия аялга идда важиб эмес. Бирок кош бойлуу болсо, важиб. 
Себеби кошбойлуу аялдын курсагындагы баланын теги дайын. 

وَتَحِدُّ مُعْتَدَّةُ الْبَائِنِ وَالْمَوْتِ: كَبِيرَةً، عَاقِلَةً، مُسْلِمَةً، بِتَرْكِ الزِّينَةِ، وَلُبْسِ الْمُزَعْفَرِ، وَالْمُعَصْفَرِ، وَالدُّهْنِ، وَالْحِنَّاءِ، وَالطِّيبِ، وَالْكُحْلِ، إِلَّا بِعُذْرٍ، لَا مُعْتَدَّةُ عِتْقٍ وَنِكَاحٍ فَاسِدٍ
Баин талактан жана өлүмдөн кийин идда олтурган балакатка жеткен, эс-акылы жайында жана мусулман аял жасанып-кооздонууну, заъфаран жана усфурга боёлгон нерсе кийүүнү, үзүрсүз май, кына, жыттуу атыр жана сурма сүртүүнү таштоосу менен аза күтөт. Азат болгону үчүн жана фасид никеден кийин идда олтурган аял мындай кылбайт. 
Бул өкүмдүн далили төмөнкү хадис: 
عَنْ أُمِّ عَطِيَّةَ، قَالَتْ: كُنَّا نُنْهَى أَنْ نُحِدَّ عَلَى مَيِّتٍ فَوْقَ ثَلَاثٍ، إِلَّا عَلَى زَوْجٍ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَعَشْرًا، وَلَا نَكْتَحِلَ، وَلَا نَتَطَيَّبَ، وَلَا نَلْبَسَ ثَوْبًا مَصْبُوغًا إِلَّا ثَوْبَ عَصْبٍ، وَقَدْ رُخِّصَ لَنَا عِنْدَ الطُّهْرِ، إِذَا اغْتَسَلَتْ إِحْدَانَا مِنْ مَحِيضِهَا فِي نُبْذَةٍ مِنْ كُسْتِ أَظْفَارٍ. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ
Умму Атийя (разияллоху анха) риваят кылат: «Биз маркумга үч күндөн ашык аза кылуудан кайтарылган болчубуз. Бир гана эр болсо, (аза күтүү) төрт ай он күн болгон. Сурма койбос, жыттуу атыр сеппес, боёктуу кийим кийбес элек. Бирок негизи (өзү мурда) боёлгон болсо боло берет эле. Чындыгында, бирибиз этек кирден таза болгондо гусул кылганда, бир аз «кусти азфарга» (жыттуу суюктук) уруксат берилген болчу». (Имам Бухарий риваяты)

وَلَا تُخْطَبُ مُعْتَدَّةٌ إِلَّا تَعْرِيضًا
Иддадагы аялга жуучу коюлбайт. Бирок ишара жолу менен болсо, мейли.
Себеби Аллах Таала Бакара сүрөсүндө мындай деген:  
... وَلَا تَعْزِمُوا عُقْدَةَ النِّكَاحِ حَتَّىٰ يَبْلُغَ الْكِتَابُ أَجَلَهُ ۚ ... ﴿٢٣٥﴾
«... Китеп (идда) өз мөөнөтүнө жетмейин нике кыйылуусун максат кылбагыла ...» (235-аят).
Аяттагы «максат» сөзүнө өзүнчө маани берип карап көрүнүз. Бул, идда ичинде нике кыюу нары жакта турсун, аны максат кылууга да жол жок дегени. Ким идда убагында нике кылса, анын никеси жарабайт. Арасы ажыратылып жиберилет. 
Өлүмдөн кийин иддада олтурган аялдарга ишара жолу менен жуучу койсо болот. 
Аллах Таала Бакара сүрөсүндө мындай деп айтат:  
وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِيمَا عَرَّضْتُمْ بِهِ مِنْ خِطْبَةِ النِّسَاءِ أَوْ أَكْنَنْتُمْ فِي أَنْفُسِكُمْ ۚ عَلِمَ اللَّهُ أَنَّكُمْ سَتَذْكُرُونَهُنَّ وَلَٰكِنْ لَا تُوَاعِدُوهُنَّ سِرًّا إِلَّا أَنْ تَقُولُوا قَوْلًا مَعْرُوفًا ... ﴿٢٣٥﴾
«Ал (күйөосү өлүп, иддада олтурган) аялдарга ишаара менен жуучулук кылууңарда же болбосо, (аларга жуучу жиберүүнү) ичиңерде сыр сакташыңарда күнөө жок. Аларды тез арада эстешиңерди Аллах билди. Бирок алар менен жашыруун убудалашпагыла! Болгону, жакшы сөздөрдү айтсаңар жарайт...» (235-аят).

Бул аятта эри өлгөндөн кийин иддада олтурган аялга жуучулук кылуу жөнүндө сөз жүрүүдө. Оболу, мындай аялга ачыктан-ачык жуучулук кылуу арам, себеби азада – иддада олтурат. Өлгөн эрдин урматы бар, анын тууган-уруктарынын да кайгысына кайгы кошпоо керек. Бирок аяттын көрсөтмөсүнө караганда, эри өлүп иддада олтурган аялдарга ачык эмес, ишара менен жуучулук кылууда күнөө жок. 

Ишара менен жуучулук кылуу кандай болот? Ишара менен жуучулук кылуу «Бир мунасып аял табылса, үйлөнмөкчү болуп жүрөм», «Аял киши болбосо, кыйын болот экен» деген сыяктуу сөздөр менен көңүлдөгү сөздү билдирүү. Өткөн азиздер да ушундай жол туткан. 
وَعَنْ سُكَيْنَةَ بِنْتِ حَنْظَلَةَ، قَالَتْ: اسْتَأْذَنَ عَلَيَّ مُحَمَّدُ بْنُ عَلِيٍّ، وَلَمْ تَنْقَضِ عِدَّتِي مِنْ مَهْلَكَةِ زَوْجِي، فَقَالَ: قَدْ عَرَفْتِ قَرَابَتِي مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم وَقَرَابَتِي مِنْ عَلِيٍّ، وَمَوْضِعِي مِنَ الْعَرَبِ، قُلْتُ: غَفَرَ اللهُ لَكَ يَا أَبَا جَعْفَرٍ، إنَّكَ رَجُلٌ يُؤْخَذُ عَنْكَ، وَتَخْطُبُنِي فِي عِدَّتِي، فَقَالَ: إنَّمَا أَخْبَرْتُكِ بِقَرَابَتِي مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم وَمِنْ عَلِيٍّ، وَقَدْ دَخَلَ رَسُولُ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم عَلَى أُمِّ سَلَمَةَ، وَهِيَ مُتَأَيِّمَةٌ مِنْ أَبِي سَلَمَةَ، فَقَالَ: «لَقَدْ عَلِمْتِ أَنِّي رَسُولُ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم، وَخِيرَتُهُ مِنْ خَلْقِهِ، وَمَوْضِعِي مِنْ قَوْمِي»، كَانَتْ تِلْكَ خِطْبَتَهُ. رَوَاهُ الدَّارَقُطْنِيِّ 
Сукайна бинти Ханзала риваят кылат: «Эрим кайтыш болуп, иддам бүтө электе мага Мухаммад ибн Али кирип келип: «Менин Расуулуллахка (солаллоху алайхи васаллам) жакындыгымды, Алиге да жакындыгымды жакшы билесиң, арабдар ичиндеги мартабамды да билесиң» деди. Мен ага: «Аллах сизди магфират кылсын, эй Абу Жаъфар! Өрнөк ала турган кишисиз. Иддада олтурганымда жуучулук кылып жатасызбы?!» дедим. Ал: «Мен сага Расуулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) жана Алиге жакындыгымдын гана кабарын бердим. Умму Саламнын эри Абу Салама кайтыш болуп жесир калганда Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) анын жанына кирип: «Мени Аллахтын Расуулу жана Ал жараткандардын эң жакшысы экенимди жана коомумдагы мартабамды билесиң да» деген. Бул ал заттын жуучулугу болчу» деди». (Даракутний риваяты)

Аяттагы «ичиңерде сыр сакташыңарда күнөө жок» деген сүйлөмдөн жуучулук ниетин ичинде сактоо назарда тутулган. Себеби, «Аларды тез арада эстешиңерди Аллах билди». Ошондуктан жуучулукту өз ичинде сактоону күнөө деп саналбайт, бирок иддада олтурган аял менен нике жөнүндө купуя убадалашуудан кайтарылган. «Бирок алар менен жашыруун убудалашпагыла!».
Себеби бул – уятсыздык, өлгөн эрдин элесине кыянат жана идданы важиб кылган Аллах Тааладан уялбоо. «Болгону, жакшы сөздөрдү айтсаңар жарайт».

Мункар, уятсыз жана Аллахтын шариятына терс келбеген сөздөрдү айтса болот.  
وَلَا تَخْرُجُ مُعْتَدَّةُ الرَّجْعِيِّ وَالْبَائِنِ مِنْ بَيْتِهَا أَصْلًا

Баин жана ражъий талактын иддасында олтурган аял үйүнөн тап-такыр чыкпайт. 
Бул өкүм Талак сүрөсүнөн алынган:  
 لَا تُخْرِجُوهُنَّ مِنْ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخْرُجْنَ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ ۚ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يَتَعَدَّ حُدُودَ اللَّهِ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ ۚ ... ﴿١﴾
«Анык бузук иш (зына) кылбаса, аларды үйлөрүнөн чыгара көрбөгүлө жана алар оздөрү да чыгып кетпесин! Булар – Аллахтын чектөөлөрү. Ким Аллах белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот...» (1-аят).
Адатта, эркек киши аялы менен келише албай калса, аны үйдөн чыгарып жиберүүгө шашат. Негизинде, анын буга акысы жок, жадакалса талак кылгандан соң да иддасы чыкмайын аялды үйдөн чыгарганга болбойт. Дал ушул маанини бекемдөө үчүн Аллах Таала: «аларды үйлөрүнөн чыгара көрбөгүлө» деп айтууда, «үйлөрүңөрдөн» эмес.

Аял кишини үйдөн чыгарып жиберүү мүмкүн эмес экен. Бирок анын өзү чыгып кетсе болобу? Азыркы күндө бизде көп учурай турган абал бар: бир-аз кеп-сөз өтүүсү менен аял түйүнчөгүн түйүнүп, ата-энесиникине жөнөйт. Бул да туура эмес. Куран: «алар өздөрү да чыгып кетпесин!» деп айтып жатат.

Кайсы аял талактан сон иддасы чыкпай туруп, эринин үйүнөн чыгып кетсе күнөөкөр болот. Шарияттын бул өкүмү да өзгө өкүмдөр сыяктуу хикматтуу. Бирок бир үйдө көпчүлүк жашаган үй-бүлөллөрдө эгер эр кайтыш болсо, келин кайын атасы жана кайын инилери менен бирге бир короодо калуусу керек болот. Мындай абалда кайната келинге махрам болбойт. Андыктан алар махрамдар катары мамиле кылуусу туура эмес болот. 

Иддада олтурган аял эринин көзүнө сулуу болуп көрүнүп турса, эр ачуусунан түшүп, көңүлү эрип кайра жарашууга ыктап калат. Үйдөн чыгып кеткенде болсо мунун тескериси болот. Келин атасынын үйүнө барып, эри боюнча арызданат, натыйжада анын туугандарынын ачуусу келет. Келип, күйөө жана анын жакындары менен уруш-жаңжал кылып, жүз көрүшкүс болуп кетүүсү мүмкүн. Мындайда аялдын үйдөн чыгуусуна же чыгарылуусуна бирден-бир себеп бар: «Анык бузук иш (зына) кылбаса».

Аалымдарыбыз бузук ишти «зына» деп айтат, кээ бир аалымдар болсо бузук ишке катуу ызаа берүү, капа кылууну да кошкон.

وَتَخْرُجُ مُعْتَدَّةُ الْمَوْتِ فِي الْمَلَوَيْنِ، وَتَبِيتُ فِي مَنْزِلِهَا
Өлүм иддасында олтурган аял күнү да, түнү да чыгуусу мүмкүн. Бирок идда олтурган үйүнө келип түнөйт. 
Себеби эри өлгөн аял талак кылынган аялдан айырмаланып, өзүн-өзү нафака менен камсыздоого муктаж. Андыктан үйүнөн чыгууга мажбур болот. Талак кылынган аялдын нафакасы болсо аны талак кылган эрине важиб болот. 

وَتَعْتَدُّ فِي مَنْزِلِهَا وَقْتَ الْفُرْقَةِ وَالْمَوْتِ، إِلَّا أَنْ تُخْرَجَ، أَوْ خَافَتْ تَلَفَ مَالِهَا، أَوِ الْاِنْهِدَامَ، أَوْ لَمْ تَجِدْ كِرَاءَ الْبَيْتِ
Аял ажырашкандан кийин да, өлүмдөн кийин да өз үйүндө идда күтөт. Бир гана, ал башкалар тарабынан чыгарылса же мал-мүлкүнүн зыянга учуроосунан жана үйүнүн кулап калуусунан корксо же үйдүн ижара акысын таба албаса, үйдөн чыкса болот. 
Бул өкүмдүн далил төмөнкү хадис: 
عَنِ الْفُرَيْعَةِ بِنْتِ مَالِكٍ الْخُدْرِيِّ: أَنَّهَا جَاءَتْ رَسُولَ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم تَسْأَلُ أَنْ تَرْجِعَ إِلَى أَهْلِهَا فِي بَنِي خُدْرَةَ، وَأَنَّ زَوْجَهَا خَرَجَ فِي طَلَبِ أَعْبُدٍ لَهُ أَبَقُوا، حَتَّى إِذَا كَانَ بِطَرَفِ الْقَدُومِ لَحِقَهُمْ، فَقَتَلُوهُ، فَسَأَلْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم أَنْ أَرْجِعَ إِلَى أَهْلِي، فَإِنَّ زَوْجِي لَمْ يَتْرُكْ لِي مَسْكَنًا يَمْلِكُهُ، وَلَا نَفَقَةً، قَالَتْ: فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم: «نَعَمْ»، قَالَتْ: فَانْصَرَفْتُ حَتَّى إِذَا كُنْتُ فِي الْحُجْرَةِ أَوْ فِي الْمَسْجِدِ، نَادَانِي أَوْ أَمَرَ بِي، فَنُودِيتُ لَهُ، فَقَالَ: «كَيْفَ قُلْتِ؟» فَرَدَدْتُ عَلَيْهِ الْقِصَّةَ الَّتِي ذَكَرْتُ مِنْ شَأْنِ زَوْجِي، قَالَ: «امْكُثِي فِي بَيْتِكِ، حَتَّى يَبْلُغَ الْكِتَابُ أَجَلَهُ»، قَالَتْ: فَاعْتَدَدْتُ فِيهِ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَعَشْرًا، فَأَخْبَرْتُ عُثْمَانَ، فَاتَّبَعَهُ، وَقَضَى بِهِ. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ 
Фурайъа бинти Малик Худрий (разияллоху анха) риваят кылат:
«Ал Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) алдына Бану Худрадагы өз элине кайтып барууну сурап келди. Себеби эри качып кеткен кулдарын кууп барып, Каддум тарапта аларга жетип алганда ошол кулдары тарабынан өлтүрүлгөн болчу. «Ошондо мен Расуулуллахтан (соллаллоху алайхи васаллам) өз элиме кайтып кетүүмдү сурандым. Анткени эрим мага турак-жай да, нафака да калтырган эмес болчу. Анан Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): «Ооба» деди. Мен чыгып, хужрага же мечитке жеткенимде ал зат мени кайра чакырды же (чакырып келүүгө) буйрук кылды. Мен ал заттын алдына чакырылдым. Ал зат мага: «Жана келип эмне дедиң?» деди. Мен ал затка эрим жөнүндөгү окуяны кайра айтып бердим. Ошондо ал зат: «Фарз кылынган (идда) өз мөөнөтүнө жетмейин үйүңдө олтур» деди. Мен ал жерде төрт ай он күн идда олтурдум. Бул жөнүндө Усманга кабар бердим. Ал да ушул өкүмдү ээрчиди жана ушуга карап өкүм чыгарды». (Имам Термизий риваяты)

وَلَا بُدَّ مِنْ سُتْرَةٍ بَيْنَهُمَا فِي الْبَائِنِ
Баин талакта экөонүн ортосуна тосук болуусу керек. 
Эгер баин үч талак жана хулуъдан кийинки иддада олтурган аял андан ажыраган эри менен бир бөлмөдө тура турган болсо, экөө бир-бирине жат болгондуктан ортолоруна парда тосушу керек. Ага эрдин көзү түшпөө керек. 

وَإِنْ ضَاقَ الْمَنْزِلُ عَلَيْهِمَا، فَالْأَوْلَى خُرُوجُهُ، وَكَذَا مَع فِسْقِهِ
Орун экөө үчүн тардык кылса, эркектин чыкканы жакшыраак. Эгер эр фасык болсо да ушундай кылынат. 
Себеби иддада олтурган аялдын үйдөн чыкпоосу Куранда келген буйрук. Эрдин чыкпоосу жөнүндө буйрук жок. 

وَحَسُنَ أَنْ يُجْعَلَ بَيْنهُمَا امْرَأَةٌ قَادِرَةٌ عَلَى الْحَيْلُولَةِ
Экөөнүн ортосун тосууга кудирети жеткен бир аялды (дайын кылып) коюу жакшы. 
Ошондо эки жат адамдын ээн калбоосу сыяктуу булардын да ээн калбоосу камсыздалган болот. 

وَلَوْ أَبَانَهَا، أَوْ مَاتَ عَنْهَا فِي سَفَرٍ، وَلَيْسَ بَيْنَهَا وَبَيْنَ مِصْرِهَا مَسِيرَةُ سَفَرٍ، رَجَعَتْ إِلَى مِصْرِهَا، وَإِنْ كَانَتْ تِلْكَ مِنْ كُلِّ جَانِبٍ، فَإِنْ كَانَتْ فِي مَفَازَةٍ خُيِّرَتْ، وَالْعَوْدُ أَحْمَدُ. وَإِنْ كَانَتْ فِي مِصْرٍ تَعْتَدُّ ثُمَّةَ، ثُمَّ تَخْرُجُ بِمَحْرَمٍ.
Эгер аны сапарда баин талак кылса же өлүп калса жана аял менен шаардын ортосу сапара аралыгынан (120 км.ден) аз болсо, өз шаарына кайтат. 
Эгер алардын арасы эки тарака да сапар аралыгындай болсо (120 км. болсо) жана аял ачык жайда болсо, ыктыяр өзүндө.  Кайтуусу абзел. Эгер ошол учурда аял шаарда болсо, ошол жерде идда күтөт. Андан соң махрамы менен чыгат. 

Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын алдындагы диний агартуу башкармалыгынын башчысы

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)