Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Жаңылыктар
Коом | 05.12.2025

Өлкөдөгү жума мечиттерде кар тиленип, дуба кылынды
Кургакчылыкка байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен өлкөдөгү бардык жума мечиттеринде жамгыр, кар тиленип дуба кылынды. Ошондой эле КМДБ жетекчиси бардык момундарга кайрылып, жамгыр жана кар тилеп истиска, кажет намаздарын окуу зарылдыгын белгиледи. «Азыр жалпыга маалым болгондой, чөлкөмдө кургакчылык өкүм сүрүп жатат. Мындай шартта с…

Муфтий

Абдулазиз кары Закиров

ЗАКИРОВ АБДУЛАЗИЗ НАЗИРБЕКОВИЧ

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары: 2005-ж. «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Фатва
Макалалар
динге байланыштуу суроолор үчүн
+996550557775
call-центр
халал маселеси боюнча
+996557001525
МЕДИА